Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Париж клубу Кыргызстандын карызын кыскартууга макул болду


БИШКЕК. 11-июнда Лондондо өткөн жыйында Париж клубу Кыргызстандын тышкы карызынын айрым бөлүгүн кыскартууга макулдугун берди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 24-марттагы окуядан кийин кыргыз бийлиги Париж клубуна мүчө өлкөлөргө тышкы карызды кыскартуу боюнча буга чейин болуп келаткан сүйлөшүүлөрдү улантуу сунушу менен кайрылган. Сүйлөшүүлөргө ылайык, Кыргызстандын коммерциялык кредиттери 50 пайызга кыскарат, калган жарымы 23 жыл ичинде төлөнөт. Ал эми өнүгүүгө берилген ырасмий жардам долбоору боюнча алынган кредиттер келерки 40 жыл ичинде төлөнүп, алгачкы 13 жылда жеңилдетилген шарт берилет. Кыргызстандын учурда 2 миллиард долларга чукул тышкы карызы бар.

XS
SM
MD
LG