Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

Т.Айтбаев: « Ж.Сурабалдиев УККда сурак берген»


БИШКЕК. Атып өлтүрүлгөн депутат Жыргалбек Сурабалдиев 24-мартта «Алатоо» аянтында митингге чыккан адамдар ортосунда кагылышууну атайылап уюштурган «ак шапкечен» топтор боюнча Улуттук коопсуздук кызматында сурак берген. Мындай маалыматты 14-июнда Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Таштемир Айтбаев Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, Жыргалбек Сурабалдиевди суракка алуу боюнча протоколдор түзүлгөн. Андан тышкары митингичилерге каршы иштерди уюштуруу үчүн акча топтогондугу боюнча маалыматтар болуп, алардын бардыгы иликтенип жаткан. Таштемир Айтбаевдин билдирүүсү боюнча, оперативдүү иликтөө Сурабалдиевди айланчыктап жүргөн адамдардын көпчүлүгүнүн мыйзам алдында «таза эмес» экендигин аныктоодо. Ал эми Жыргалбек Сурабалдиевдин кызы Эльвира 14-июнда маалымат жыйынынын өткөрүп, атасы саясий себептер менен өлтүрүлдү деп билдирди. Анын айтымында, жогорку бийлик адамдары атасынын менчигин бөлүшүүнү сунуш кылган жана азыр өзүнө да ушундай сунуштар менен чыгып жатышат.

XS
SM
MD
LG