Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:40

АКШ 4 атуулдун Өзбекстан бийлигине өтүшүнө тынчсызданды


БИШКЕК. Анжиян окуясында Кыргызстанга ооп келген Өзбекстандык 4 атуулду Өзбек бийлигине өткөрүлүп берилишине АКШ өзүнүн тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу «Азаттыкка» берген интервьюсунда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг мындайча билдирди:

- Кыргыз өкмөтүнүн бийик деңгээлдеги өкүлдөрү бул катачылык болгонун белгилеп, мындай катачылык экинчи кайталанбастыгына мени ишендиришти.

Стивен Янг Кыргызстан Бириккен Улуттар уюмунун алдындагы Качкындар боюнча комиссарлык менен акылдашпай туруп, Өзбекстанга бир да атуулду кайтарбашы керек деп эсептейт. Анын айтымында, Кыргызстан качкындарга байланышкан жагдайга күтүүсүз кирептер болду, эми өкмөт бул маселени эл аралык нормаларга ылайык чечүүгө аракет кылганы жөндүү.

XS
SM
MD
LG