Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:43

Урмат Барыктабасовдун жактоочулары 17-июнда Нарын шаарында да нааразылык акциясын өткөрдү


НАРЫН. Шаардын борбордук “Эркиндик” аянтынын түштүк ыптасында чогулгандар “Урмат Барктабасовго теңчилик керек. Биз тынчтыкты ойлойбуз, Урматты колдойбуз. Урмат Барктабасов кыргыз жараны. Шайлоонун таза болушу – элиме кут конушу” деген чакырыктар менен акцияга күбө болгондордун саны 60 адамдын айланасында болду. “Мекеним Кыргызстан” кыймылынын облустук координатору Эркин Шермамбетов акциянын максаты-Урмат Барктабасовго талапкерликтин мандатын берүү деп билдирди.

Ал эми аянттагылардын айрымдары пикирлерин мындайча билдирди:

- Бул бийлик үч ай боло электе ыплас оюндарын баштап атышат. Мунусун токтотсун, бул биздин элге жакпаган нерселер. Бизге ким болсо дагы таза, элди баккан келечектеги жакшы президент керек. Ошого эле тилектешпиз. Эл-жерибизде тынччылык болуш керек. Кандидаттын баарын киргизип коюп койсо жакшы болмок. Баары бир өтө турган киши Бакиев эле.

XS
SM
MD
LG