Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:42

АЛТЫ ЖАШТАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫК САЯРА ЧЕХИЯГА КАНТИП БАРЫП КАЛГАН?


Кыргызстан мурда-кийин качкындарды кабыл алып, өзүн эл аралык коомчулуктун абройлуу мүчөсү катары көрсөтүп келет. Бирок тарыхта кыргыздар өздөрү да качкын болгон, азыр да чет өлкөлөрдөн баш паанек издеп жүргөн кыргыз атуулдары аз эмес. Алардын бири, 6 жаштагы Саяра менен кабарчыбыз Жаңыл Жусубжан Чех Жумуриятындагы качкын лагерлеринде таанышкан эле. 20-июнь-качкындардын эл аралык күнүнө карата кичинекей Саяранын тагдырын чагылдырган ошол баянды сунуштайбыз.

Саяра Прагадан бир жарым сааттык жолдогу Сеч айлынын жанындагы качкындар лагеринде жашайт. Лагерде балдар көп, Саяра алардын көбү менен достошуп алган. Каштары кою, мотурайган кара-тору кыз, белине жеткен чачын далысынан ылдый бош таштап коюп, тыным албай чымын-куюн болуп чуркап жүрөт.

Саяра жашаган жерди кайнаган аптаптагы бир чуңкурда, дааратканасы же суусу жок, 50-60тан киши бир чатырда тыгылышкан, чекесинде аскерлер автоматын көзөп турган лагер деп элестетпеңиз. Албетте, Сечтеги лагерди беш жылдыздуу мейманкана деп да атоого болбойт. Үч кабат имарат мурда балдардын эс алуу жайы болгон. Айылдык кичи жолдун боюнда, бак-даракка чөмүлгөн дөңсөөлөрдүн биринде курулгандыктан, бүт-айлана алаканга салгандай көрүнүп турат. Студенттердин жатаканасындай узунунан кеткен коридорлордун эки тарабында бөлмөлөр жыш жайгашкан. Саяра атасы Юсуф, энеси Элвира менен чакан бир бөлмөдө жашайт. Ар кабатта даараткана, бир кабатында ашкана бар. Үстүңкү кабатта сүрөт тартып, чоподон ар кыл буюм-тайымдарды чапташат. Саяранын апасы чоподон Ван Гогдун сүрөтүндөгү тегирменге окшотуп мечит жасап коюптур. Ушул эле жерде концерт залы бар.

Саяра айылдык мектепке барат. Албетте ал жерде чех тилинде окуйт, лагерде орус тилдүү балдар көп, ошону менен, чех жергесине келгенден берки 8 айдын ичинде эне тилин унута баштаган.

- Канча тилде сүйлөйсүң, чехче билесиңби?

- Билем, англисче дагы.

Бишкектик Саяра Чехияга кайдан келип калды, эмне үчүн качкын деп ойлоп жатсаңыз керек. Биз да ушуга кызыгып, апасы Элвирадан сурасак, көрсө алар көптөгөн кыргыз атуулдары сыяктуу эле, ортомчуларга алданып келишкен.

- Ортомчу аял бизге Чехияга барып, дароо жумушка киресиңер, бир жылдын ичинде самандай акча таап, кайтып келесиңер деп убада кылган. Бирок бизди бул жакка жиберип коюп, өзү качып кетти. Бул жактан силерди күтүп алат деген, бирок бизди эч ким күткөн жок. Талаада калгандан коркуп, ушул лагерге келдик. Бизден 3 миң 500 доллар алган. Мурда биз Швецияга деп, бирөөлөргө 5 жарым миң төлөгөнбүз, бирок ал болбой калып, бир жарым миңин араң өндүрүп алганбыз. Чехия арзаныраак экен деп бул жакка келип отурбайбызбы. Бирок бул жактан да алдап кетишти.

Саяранын атасы Юсуф улуту уйгур, ошондуктан Кыргызстанга кайтып барсак, кызымдын келечеги кандай болот деп коркот. Өзү катуу оору, арыкчырай келген 35тердеги жигит сүйлөп баштаса эле көзүнөн жашы төгүлөт. Ага Бишкекте операция учурунда дарыгерлер сарыктын үч түрүн жуктурушкан. Сарыктын айынан бүгүн Юсуфтун бөйрөгү дартка чалдыккан, чех врачтары бөйрөгүн алмаштырбаса, узакка жашабайт деп айтышыптыр, бирок андай операцияга акча кайдан?! Элвиранын улуу уулу ал оокаттын айынан чет өлкөдө соода кылып жүргөндө, алты жашында сууга чөгүп кеткен, кичүү кызы жаңы төрөлгөндө эле, докдурлар колунан түшүрүп жиберип чарчап калган. Ошону менен Элвира менен Юсуфтун жалгыз карманганы Саяра.

Саера Чех Жумуриятында Анетта деген чех эжекесин таап алган. Анетта лагерге айына жок эле дегенде эки ирет келет. Ар жолу оюнчук, таттуу-паттуу алып келет. Кээде чоң шаарга алып барып, сейилдетип, бал муздак алып берет.

Анетта Риглова Прагадагы Качкындарга Жардам көрсөтүү уюумунда иштейт:

- Мен Саярага биринчи жолу жолукканда ал чехче бир-эки ооз гана сөз билчү. Ошондуктан биз кол жаңсап сүйлөшчү элек. Башынан эле өтө шыктуу - эки айдын ичинде эле экөөбүз чех тилинде сүйлөшүп калдык. Анын дагы башка таланттары бар, сүрөттү жакшы тартат, жакшы бийлейт. Келечекте Саярадан поп жылдызы же балким актриса чыгып калышы да ажеп эмес, ал рол аткарганга да шыктуу.

Качкын балдардын кыйынчылыктары тууралуу сураганымда, Анетта Риглова чоңдорго караганда, аларга жеңилирээк экендигин сыр кылган жок.

- Бул балдардын кыйынчылыктары көп, ошол эле убакта алардын артыкчылыктары да жок эмес. Бала деген бала да, башына түшкөндү анча элес албайт. Бирок албетте артта калтырып келген үйүн сагынат. Ага мекени, мурдагы чөйрөсү жетишпейт. Өздөрү баамдабаганы менен, качкын балдарга өздөрү көнүм алган каада-салттары, бала чактан калыптануучу иденттүүлүк жетишпейт. Чоңойгондо да ушул кемтиктин орду толбой кала берет. Материалдык жетишпегендиктер да бар деңизчи. Окуусуна келсек,Чехиянын билим берүү системасы мыктылардын катарында, бирок балдарга эне тили, өз элинде пайдалуу болгон билим алуу тажрыйбасы жетишпейт.

Саяра жадырап күлүп, чуркап ойноп жүргөнү менен, сураштыра келгенде, жүрөгүнүн тээ түпкүрүндө үйүнө, айрыкча таенесине болгон сагынычын катып жүргөнүнө көзүм жетти:.

- Кайсы досторуң бар Кыргызстанда?

- Кристина, Азиза, Марат, Кубат.

- Кайсы оюндарды ойночу элеңер?

- Играла кошка, она сабака.

- Алар сени радиодон угуп калса кандай саламың бар?

- Мен силерди сагындым, Таене, сени жакшы көрөм, апам бул жакта иштей берсин. Мен сени менен болгум келет.

Саяраны эжекеси Анетта жакшы ырдайт дебедиби, айткандай эле бар экен, дароо эле чех мектебинде үйрөнгөнүн, анан Танцор Диско филминен ырларды ырдап кирди.

Сүрөттө: Жаңыл Жусубжан кичинекей Саяра менен

XS
SM
MD
LG