Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

К.Бакиев Москвада ЕврАзЭСтин жыйынына катышты


БИШКЕК. 22-июнда Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Москвада ЕврАзЭС уюмунун мамлекеттер аралык Кеңешинин кезектеги жыйынында сөз сүйлөдү. Анда Бакиев Кыргызстан КМШ шериктештигинин алкагында интеграциялык жараяндарды өнүктүрүүн тереңдетүүнүн жигердүү тарапкери болуп кала бере тургандыгын белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстандын ЕврАзЭС өлкөлөрү менен болгон соода-экономикалык кызматташтыгындагы жылыштар, Кыргызстан үчүн уюмдун транспорт транзитине байланыштуу маселелердин чечилиши чоң мааниге ээ экендиги жөнүңдө айтты. Бакиев ЕврАзЭСтин алкагында агроөнөржай тармагын өнүктүрүүдө, азык-түлүк саясатын жүргүзүүдө макулдашылган аракеттердин зарылдыгы тууралуу белгиледи. Жыйындын катышуучулары Евразиялык экономикалык кызматташтык чөлкөмүндөгү интеграциялык жараяндар, ЕврАзЭСтин алкагында түзүлгөн 2003-2006-жылдарга эсептелген программанын ишке ашырылышы жана башка маселелерди талкуулашты. Ал эми 23-июнда Москвада Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун сессиясы өтөт. Анын күн тартибинде Коопсуздук келишим уюмунун алкагындагы аскердик-саясий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланып, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 2005-жылдын экинчи жарымында жана 2006-жылдын биринчи жарымында аткарыла турган иш-чаралар планы бекитилмекчи.

XS
SM
MD
LG