Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:52

Кыргыз эл жазуучусу, маркум Мурза Гапаров улуттун маданият- адабиятына зор салым кошкон. Кыргыздын мыкты уулу, чебер кара сөзчү, таланттуу драматург, киносценарист, зергер аңгемечи тирүү болгондо быйыл саратанда 70 жашка карамак.

“Мурза Гапаровдун чыгармаларында сулуулук, тагдырга чайналбаган адамдагы улуулук, сөзгө жан киргизе алган сыйкыр бар эле. Мурза Гапаров кыргыз маданиятынын бир түркүгү эле. Ал дүйнөдөн өттү дегенде аны жоктоп дарыялар шоокумун токтото калгандай таасир берген”,- делет ал жөнүндө жазылган эстутумдарда.

Маркумдун “Дарыялардын шоокуму”,”Күнөстүү арал”, “Жаңгак токойдун жомогу” сыяктуу чыгармалары атына заты жарашып, кыял чабытындагы бийиктиги, атуулдук асылдыгы, үнү окуган адамга ашкере угулуп турат.

Бир жазуучу Мурза Гапаровду “Жараткан кыргыз элине, Мурзаны Атажурттун обонун бүткүл дүйнөгө жар сал деп жибергендир. Балким Мурза баарыбызды жогортон башкарган Кудай тааламдын элчисидир”,- деп эскерип, дүйнөлүк деңгээлдеги гений адабиятчыларга салыштырган.

Mурза Гапаровду өлүмгө кыйбаган таланттар: “Сакураларга сейилдеп кетти Мурзаке” десе, дагы бири “Ишенбе! Мурза аке жаңгак токоюн аралаганы, Айгүл тоосун көргөнү кетти, келет”... дешип Мурза Гапаровдун көзү өтсө да чыгармалары эл арасында өлбөй тирүү, жашай берээрине ишеним беришкен. Бакытты ким кандай түшүнөт? Мурза Гапаровдун ой-кыялы менен айтканда чыгармасы менен таанылган жазуучу бактылуу делет.

Ал кыргыз адабиятында башкалардан өзгөчөлөнүп, классикалык аңгеме-повесттерди жазган. “Кадыр түн”, “Сүйүү кайыгы”, “Аталардын жери” аттуу киносценарийлери менен кыргыз улутунун тагдыры, эли-жерин сүйгөн, кайталангыс сүрөткер катары чыга келген.

Маркумдун “Өлгүм келет, спонсор керек” деген драмасын окугандар, “ыйлабаган кыргыздын--жүрөгү жок “-деп баалаган кезинде. Бул пьесалары казак театрларында коюлуп, кол акысын жакшылап берип турган. Ошол кезде ал ”Көпөлөктөр өрөөнү” деген повестин жазып жатам деп айткан экен.

Көрсө Мурза Гапаров Ата Мекенин жалындап сүйгөнүнө карабай эмнегедир өмүрүнүн акыркы жылдары Жапан өлкөсүн көп самачу. Жазуучу кыргыз жерине билинбей кирип келген жапайы жашоодон тажагандай, жазып жатып, жүрөгү сыздап ыйлагандан, Жапан жерин элестетип, Сакура гүлдөрүн аралап дербиш болуп кеткиси келди бекен?..

Гапаровдун чыгармаларын окуп отуруп турмуш өтмүшү жазуучуга бирде шыкак берсе, бирде кыйнап эрте көз жумууга таасир берди бекен. Ким билсин?

Ал жашап жаткан доорун, элин карайлатып турган өтмүштөр, көкүрөк көкөйүн “Коштошуу” деген ырында мындайча жазып калтырган:

Качангача кул сымак тим турасың?
Байоо болуп, аңкоолонуп,
Байыркы эл, не байлардан кымтынасың?
Кабыргамды кайыштырып кабак-кашың,
Коштошоордо кайгырып, муңкурадым.

Кош бол эми Ала-Тоо, Кыргыз атам,
Ак карларың эрибес—Акак апам...
А мен болсо эмитен эрип атам,
Кош бол эми Ата Журт...
Кучагыңды кучактап...эркин жатам


Гапаров өзү айткандай Ата Журту менен коштошкон мезгил 2002-жыл 11-июн эле. Акындын жүрөгү токтогондон мыкты чыгармалар жазылбай, кыргыз адабият-маданияты оор жоготуууга учураса, үй-бүлө, жакын жоро-жолдоштору үчүн орду толгус арман болду.

Бир нече пьсеалары боордош элдердин, чет элдик театрлардын сахналарында коюлуп, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө татыган. Чыгармачылык жактан Гапаров улуттун маданият-адабиятына зор салым кошкон лирик, интеллектуалдуу жазуучу болсо, адам катары турмушта ак көңүл, патриот, чынчыл жана күйүмдүу инсан экени ооздон-оозго көчүп айтылып келет.

Ал өмүрүн кыргыз элинин улут катары жетилип, өсүүсүнө арнаган. Университетти бүткөндөн кийин Тажикстандагы Мургаб районунда мугалим болуп иштеген. Москвадагы сценаристтердин жана режиссерлордун жогорку курсун бүтүргөн.
1968-84-жылдары “Кыргызфильм” киностудиясынын сценарий бөлүмүн, Кыргызстан киноматографисттер Кеңешинин башкармалыгында кеңешчи, акыркы жылдары “Манас” кыргыз-түрк университетинде профессор катары иштеп жаткан.

Мурза Гапаровду Кыргыз эл жазуучусу, калемдеши жана замандашы Кеңеш Жусупов эскерет:

- Мурза өмүр бою өзүн тарбиялап, дүйнөлүк деңгээлдеги адабияттарды окуп, оюндагысын окурмандарга таза, даана бере алган жазуучу катары таанылып, көпкө умтулбай, азга умсунбай саз жашады. Эч бир досун да, касын да ушактабады. Досчулукка бышык, терең эле эсил кайран десе. Ал таза жашоонун бир үлгүсү болуп калды биздин арабызда. “Жазуучу оюндагысын элге бере алса ошол бактылуу дээр” эле. Анынсыңарындай ал бактылуу жашады...

Акын Асан Жакшылыков Мурза Гапаровго мындай ыр саптарын арнаган :

Азап чеккен асыл жанды аяган,
Акыл жеткис аруулукту самаган.
Талант эле ак чач болуп өмүрү,
Тазалыгы айырмасыз баладан

Сүйөөр эле сүрү күчтүү турмушту
Издээр эле ичи сыздап чындыкты.
“Кыргызбай” деп бугу толуп кетсе да,
Жакшы көрчү жаны кейип кыргызды.


Курбалдаштары айткандай Мурза Гапаров пендечиликке берилбеген, бийиктиги бар эле. Тагдыр жазмышына тике караган, пендеден буйтап кетпеген күтүүсүз тагдырга чайналып да бербеген.

Гапаровдун өмүрлүк жубайы Алмажан Осмонкулова Мурза Гапаровду эскерип жатып, тыйылбай куюлган көз жашын аарчыганча мындай деди:

- Жазуучу болуш абдан кыйын. Анын жубайы болуу да кыйын. Мурза бир ойлогон чыгармасын жазам дегенде балдарымды алып, кайын журтум Ноокатты көздөй кетип калат элем. Жазып, иштеп алсын дейм. Оюндагысын жазып, бүтүп алган мүнөттөр үй-бүлөбүздө теңдеши жок майрам болор эле. Жазган чыгармаларынын аттары эле айтып турбайы. Сулуулукту ушунчалык жакшы көрөр эле. Арман... Дагы жашаса болот эле. Тагдырдын жазмышы менен биз эки бөлөк жашап калбадыкпы. Бирок ортодогу сүйүү урматталды албетте. Бөлөк жашаганыбыз менен жүрөгүбүз бирге согуп турчу экен. Баары Мурзанын көзү өткөндөн кийин билинип атпайбы. Мен ооруп калсам Мурза кайдан-жайдан пайда болчу. Анын адамдык сапатын карасаң. “Эмне кылайын байбиче, догудрга көрүнөлүкпү, эмне жейсиң?”- деп айланып-тегеренип турар эле атаганат ай. Анын ооруп жатканын мен кашайып көптөн кийин уктум. Ооруканага барып турдум. Бир күнү эрте бардым эле. Жаны кыйналып чабалактап жатыптыр. Биз бир эле адам экенибизди ойлобоптурбузда. Турмушта бир экенибизди ойлобоптурбузда. Бизди кечирчи деп аягында ыйлап турдум. Мен атынан айтчу эмесмин. Балдардын атасы деп, сиз деп кайрылар элем.

Маркумдун жесири Алмажан айым Мурза Гапаров менен таанышкан, ак жоолук салынып келин болуп баргандагы бактылуу күндөрүн айтып отурду:

- Биз экөөбүз 1967- жылы таанышкан элек. Мен мектепти жаңы эле бүткөн кичине кыз кезим болчу. Ал Москвадан окуп бүтүп келген экен. Ноокатка алып барганы эч эсимден кетпейт. Жолго жакын жердеги тамеки сарайдан кыз-келиндер жүгүрүп чыгышып, “Мурза аке келатат, келинчек алып келатат”- дешип, үйгө дейре сүйүнчүлөшүп, жоолук салышып, жүгүнтүп дегендей жылуу тосуп алышты. Эки үч күн чогуу болдук. Фрунзеге келе берди. Мен калдым. Ушу абдан күтөт элем да. Себеби мен үчүн андан жакын киши ал жерде жок эле да. Эки чаканы алып, күндө сууга кетет элем. Сайда машине өтө турган жол бар эле. Ошол жакты карап отура берчүмүн. Бир эки сааттай убакыт өтүп кетет окшойт. Кайнатам бир күнү көрүп, алып кайненемди жөнөтүптүр. Экинчи ошол баланы сууга жөнөтпөчү. Карачы баласын күткөн энедей болуп отурганын деп.

Ушинтип жазуучу менен баш кошкон, жаңы келин болгон алгачкы күндөрүн эстеген Алмажан Осмонкулова “жакшынын жесири болгон тагдырымды бактылуу деп эсептейм” дейт.
XS
SM
MD
LG