Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

Эл аралык уюмдар менен укук коргоочулар өзбек бозгундарын берүүгө каршы


БИШКЕК. Кыргыз бийлиги Өзбекстандын прокуратурасы өткөрүп берүүнү талап кылып жаткан атуулдарды берүүгө укугу жок жана муну Кыргызстандын качкындар боюнча конвенцияга кошулушу талап кылат. Мындай билдирүүнү «Хьюман райтч уотч» эл аралык уюмунун Борбор Азиядагы өкүлү Акейше Шильдс 23-июнда маалымат жыйынында жасады. Анын айтымында, буга чейин Өзбекстанга берилген 4 качкындын өлүү же тирүү экендиги белгисиз. Ал эми качкындар турган жерге барып келген «Адилет» укуктук клиникасынын юристи Чолпон Жакупова БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссары менен качкындар боюнча башкы комиссарынын өзбек качкындарына байланыштуу 23-июнда тараткан билдирүүсү өтө олуттуу деп билдирди.

Анын айтымында, эгер кыргыз бийлиги аларды өткөрүп бере турган болсо эл аралык талаптардын негизинде жооп берүүгө милдеттүү болуп калат:

- Алар билдирүүсү менен Кыргызстан конвенциянын катышуучусу катары белгилүү милдеттенмелерди алгандыгын эскертти.

XS
SM
MD
LG