Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:58

ИРАК ӨКМӨТҮ ӨЛКӨДӨ ЭЛ КӨЧӨГӨ КОРКПОЙ ЧЫГА БАШТАГАНЫН АЙТУУДА


Вашингтондо Ирактын өмөт башчысы Ибрагим ал-Жафари менен АКШ президенти Жорж Буш сүйлөшүү өткөрүп жатышат. Тараптар Ирактагы коопсуздук кырдаалын, саясий жана экономикалык проблемаларды талкулоодо. Жафаринин визити Америкада Ирактагы аскерий миссияны колдогондор азайып, конгрессмендер Буш администрациясынан аскерлерди чыгарып кетүү планын талап кылып жаткан кезге туш келүүдө.

Буш менен кездешүүснүн алдында Жафари аскерий операцияларды жүргүзүүдө негизги роль Ирактын коопсуздук күчтөрүнө жүктөлө баштагынын баса белгиледи. Карапайым калк даярдалып жаткан теракттар тууралуу көбүрөөк маалымат берүүдө. Өзгөчө автомашиналарга бомба коюуу учурлары азайды, - деди премьер министр.

Жаңы өкмөт курала электе күнүнө 12-14 машинага коюлган бомбалар жардырылчу. Азыр болсо жагдай жакшырды, - дейт Жафари:

- Кээде ошондой бомбалардан 2-3өө жарылат. Айрым күндөрдө андай терракттар таптакыр болбойт. Эл көчөлөргө эркин чыгып калды. Мурда элдин бардыгы үйлөрүнө эртерээк кайтып, көчөлөр, парктар бош калчу. Эми болсо ирактыктар кечке чейин эшикте жүрө беришет. Биз үчүн бул коопсуздуктун жакшырышын билдирет. Кудай буюрса, биз коопсуздукту камсыздоого кудуреттүү болуп, көп улуттуу күчтөрдүн өлкөдөн чыгып кетүүсүнө өбөлгө түзөбүз. Чет элдик күчтөрдүн кала бериши жакшы жышаана эмес.

Жафари ошондой эле суннилердин өкүлдөрү жаңы Конституциянын долбоорун түзүү боюнча шийилер үстөмдүк кылган комитеттин ишине тартылат деп билдирди. Ал документ Ирак калкынын басымдуу бөлүгү болгон мусулмандардын кызыкчылыктарына жооп бериши керектигин, ошол эле мезгилде азчылыктардын укуктары да урматталууга тийиш экенин да кошумчалады

- Өлкөдө белгилүү бир динди туткан эл көпчүлүктү түзсө, Конституция ошол динди урматташы керек. Бирок бул башкалардын укуктары тепселенет дегенге жатпайт. Демократия – көпчүлүктүн укугун сыйлоо жана азчылыктардын, башка топтордун укуктарын таануу болуп эсептелет.

Америкалык мыйзам чыгаруучулар Конституцияны иштеп чыгуу кечеңдеп жатат, бул өз кезегинде козголоңчулардын чырагына май тамызат дешет. Жафари Баш мыйзамдын долбоорун жазууну августтун орто ченине чейин бүткөрүүгө көрсөтмө бергенин ырастады.

Бейшембиде Кошмо Штаттардын коргоо министри Доналд Рамсфелд жана анын Ирак боюнча кеңешчилери 7 саат бою конгрессмендердин суроолоруна жооп беришти.

Сенаттын Куралдуу күчтөр комитетинин мүчөсү, демократ Карл Левин Вашингтон администрациясы Конституция тезирээк бүткөрүлбөсө аскерлерибизди чыгарып кетебиз деп, керек болсо Ирак бийлигине кысым көрсөтүүгө тийиш деп айтты.

- Биз ирактыктарга жаңы турмуштун эшигин ачып бердик. Биз аны түбөлүккө ачык кармай албайбыз. Ирактыктардын өздөрү мүмкүнчүлүктөн пайдаланып өз тагдырын өз колуна алууга тийиш. Конституция, саясий жөнгө салуу абалды өзгөртүүгө, Ирактагы козголоңду токтотууга шарт түзө алат.

Конгрессмендер Ирактын суннилер жайгашкан аймактарында адабатчылар өзгөчө активдүү болгонун айтып, АКШнын ал жердеги стратегиясына кызыгышты.

Бир катар мыйзам чыгаруучулар Буш администрациясы аскерлерди чыгарып кетүүнүн даталарын аныктап, атоого тийиш деген пикирлерин билдиришти. Рамсфелд мындай кадам козголоңдун күчөшүнө алып келиши ыктымал деп жооп берди.

XS
SM
MD
LG