Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:27

РОЗА ОТУНБАЕВА “ООГАНСТАН БИЗДИН РЕГИОН ҮЧҮН ДАЛЕ КООПТУУ”


Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев баштаган делегация Москвадан өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жана Евразия экономикалык биримдигинин мамлекет башчыларынын эки күндүк жыйынына катышып келди. Буга байланыштуу Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева ЖККУ кеңешинин сессиясына байланыштуу «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

- Роза айым, азыр кыргыз делегациясы Москвада өткөн эки олуттуу иш-чарага катышып кайтты. Алардын бири, албетте, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Кеңешинин сессиясы. Ушул иш-чаранын максат-мүдөөсү ишке аштыбы?

- Биз азыр эки уюмдун иштери боюнча расмий сапарда болуп келатабыз. Бул - Евразия экономикалык биримдиги (ЕврАзЭС) жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмдары(ЖККУ). ЕврАзЭСте беш мамлекет бар, өзүңөр билесиңер. Алар – Тажикстан, Кыргызстан,Казакстан, Беларус, Орусия. ЖККУга Армения кошулат экен дагы. Бул уюмдун Москва сессиясы былтыр өткөн жыйында белгилеген иштердин аткарылышын карап, жыйынтыктады. Өткөн жылдын иштери ийгиликтүү болуптур. Эми 2006-жылдын биринчи жарым жылдыгына чейинки пландарды бекитип келатабыз.

- Сессия көңүл бурган негизги маселелер кайсылар болду?

Уюм Евразиядагы коопсуздукту сактай турган эң эле маанилүү уюм. Анткени, азыркы заманда салттуу эмес коркунучтар, чоң проблемалар болуп атат. Бир жагынан бул наркотрафик, кылмыштуулук, уюшкан кылмыштуулук, миграция проблемалары. Бул жумуш миграциясы эмес, адамдарды кулдукка сатуу. Ошондой эле терроризм. Мына буларга каршы жеке бир мамлекет күрөшө албайт экен да. Ошол милдетти мына ЖККУ алып отурат. Уюмдун азыр БУУнун алдында байкоочулук макамы бар. НАТО менен кызматташуу үчүн аракет жасап жатат.

- Бирок бул демилгеге байланыштуу тараптар макулдашууга келе элек…

- Ошондой, бирок бул ЖККУ биздин коопсуздугубузду сактай турган өтө маанилүү уюм. Мисалы, НАТО Европанын коопсуздугун карап атса, Жаматтык Коопсуздук Кызматташтык уюму биздин региондун коопсуздугун карайт. Дагы бир маанилүү маселе – бир мамлекетте маселе чыкса, калган мамлекеттер дароо жардам бериши шарт. Мына ушул маселенин үстүндө да иштер жүрүп жатат. Бул уюм тышкы саясат багытында да маанилүү. Көз караштар боюнча макулдашып, дүйнөлүк аренага бирге чыгып атабыз. Маселен, Ооганстан, ЕККУ маселелерин айтса болот. Эсиңизде бардыр, өткөн жылы 8 президент макулдашып, ЕККУ уюмунун ишин өзгөртүш керек деп кат жазышкан. Башкача айтканда, коргоо, тышкы иштер жагынан биримдиктин кыймылдаткычы болуп атат.

- ЖККУнун жаңы төрагасы, Орусия президенти Владимир Путин жыйынтыктоочу маалымат жыйынында Ооганстан терроризм, наркотика жаатында коркунучтуу бойдон турат дебедиби…

Эмне үчүн Ооганстан коркунучтуу деп атабыз? Ооганстан биздин регион үчүн чынында абдан коркунучтуу. Айрыкча бул Ооганстандан келип аткан наркотрафикке, жолдо ага байланыштуу уюшкан кылмыштуулукка тиешелүү. Ошондой эле терроризм коркунучу бар. Бул айрыкча Россияда күчтүү. Бизде кудайга шүгүр анчалык коркунуч жок. Бирок терроризмдин чоң коркунучунан сактанышыбыз керек.

- Уюмдун алкагында наркокылмышка каршы күрөштүн жагдайы кандай экен азыр?

- Быйыл уюмдун алкагында «Канал 2005» операциясын ишке ашырмай болдук. Мүчө мамлекеттер өткөн жылы да «Канал-2004» деген (бул «Түндүк маршруту» деген Ооганстандан Орто Азия аркылуу Европага кеткен жолдо ишке ашкан операция экен) операцияны ишке ашырышкан. Анын жыйынтыгы менен мыйзамсыз жүгүртүлгөн героин, анаша баштаган 5 тонна наркозат алыныптыр, миңдеген куралдар табылып, миңдеген кылмышкерлер кармалыптыр. Тилекке каршы, Ооганстандын тарыхында буга чейин эч качан мындай коркунучтуу жагдай болбоптур. Дыйкандар анашаны өтө көп өстүрүп жаткан маалы экен. Эми ошону башка айыл чарба өсүмдүктөрү менен алмаштырганга, анын ордуна башка нерсени иштеткенге аракет болуп атыптыр.

- Террористтик уюмдардын тизмесине байланыштуу жаңы маселе чечилдиби бул отурумда?

- Тизме негизинен мурда такталыптыр. Ортодогу тизме бекитилди. Коопсуздук уюмдары ошонун негизинде иштешет. Билесиз го, андан тышкары Ташкенде, Москвада антитеррористтик борборлор бар, уюм ошолор менен да айкалышта иштешет.

- Жыйындын күн тартибинде аскерий кызматташтык маселеси да бар экен, бул тууралуу эмне айта аласыз?

- Аскер кызматкерлерин даярдоо жаатында сүйлөшүп атабыз. Мисалы, чегара кызматкерлерин даярдаш керек. Орусиянын окуу жайлары биз үчүн маанилүү. Бул уюмдун баш катчысы Николай Бардюжа жазында мени менен жолукканда Кыргызстанга берилген орундардын бир тобу бош калып атат деп айтты эле. Ошондой эле мүчө - мамлекеттер ортодо аскер куралдарын төмөнкү баада сатып алсак болот. Куралдар керектүү санда болушу керек экендиги тууралуу да сөз болуп жатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG