Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:48

Москвада жаш спортчулар байгелүү орундарды ээлешти


17- июндан бери Москва облусунун 9 шаарында спорттун 13 түрү боюнча Шериктеш өлкөлөрдүн, Балтик деңиз жээгиндеги мамлекеттердин жана Орусиянын региондорунун өспүрүмдөрүнүн оюндары өтүп жатат. 26- июндагы мөрөй талашууларда кыргызстандык балбандар байгелүү орундарды ээледи. Мурдакы оюндарга 17 жашка чейинки жеткинчектер катышса, бул жолу 20 жашка чейинки жаштарга да мүмкүнчүлүк берилди. Кыргызстандын жаш спортчулары мындай таймашууларга үчүнчү ирет катышып жатат. Быйыл Москва обулусунун 9 шаарында күч сынашуулар болууда. Эркин жана грек- рим күрөшү Можайск шаарында өтүп, грек-рим күрөшүндө кыргызстандык Жаркынбай уулу Абдылда, Абдыкалык уулу Кайрат жана Азат Эркинбаев күмүш байгелүү болсо, Руслан Түмөнбаев менен Максат Алымкулов коло медаль тагынды. Ал эми эркин күрөш таймаштарында Кудурет Белеков экинчи орунду, Улан Шералиев үчүнчү орунду ээледи. Ошондой эле кыздардын эркин күрөшүндө Жылдыз Эшимова менен Назгүл Шайлообаева коло байгени утуп алышты. Дзю-до жана самбо күрөштөрү Дмитров шаарларында өткөрүлүп жатат. Кыргызстандык жеңил атлетчилер 26- июнда мөрөй талашууга катышты. Москва облусундагы эл аралык оюндардын жеңүүчүлөрү 27- июнда белгилүү болот.

XS
SM
MD
LG