Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:29

БУУнун качкындар боюнча башкармалыгынын өкүлү Жалалабатта


БИШКЕК. 26-июнда Бириккен Улуттар уюмунун качкындар боюнча Жогорку комиссарынын жардамчысы Камель Моржан Бишкектен Жалалабат облусунун Сузак районуна жөнөп кетти. Ал Анжиян окуяларына байланыштуу Кыргызстанга качып келүүгө мажбур болгон өзбек бозгундары жайгашкан лагерде, ошондой эле 29 өзбек качкыны отурган Оштогу абакта болуп, кырдаалды жеринен иликтейт. Бул тууралуу ушул эле күнү өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Таалай Кыдыров «Азаттыкка» билдирди. Буга чейин Баш прокурор Азимбек Бекназаров эгерде Бириккен Улуттар уюму бир аптанын ичинде 29 качкын боюнча өз корутундусун бербесе, кыргыз тарап аларды Өзбекстанга өткөрүп берүүгө мажбур болоорун билдирген. Ал эми бир катар бейөкмөт уюмдар кылмышкер деп аталып жаткан 29 бозгунду өзбек тарапка өткөрүп берүүгө каршы болушууда.

«Кылмыш шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова буга байланыштуу мындай дейт:

- Азыр Баш прокурор Азимбек Бекназаров 29 өзбек бозгунун кылмышкерлер деп атап жатат. Ага анын укугу жок. Анткени, анын колунда алардын кылмышкер экендигин далилдеген документтер жок. Качкындар боюнча эл аралык конвенцияларга ылайык, биз эгерде аларды өздөрүнүн өлкөсүндө кыйноолор, запкылар күтуп жатканын билсек, өткөрүп берүүгө укугубуз жок. Эгерде биздин өлкөдө калтырууга мүмкүнчүлүгүбүз жок болсо, анда эл аралык уюмдардын жардамы менен үчүнчү өлкөгө өткөрүп беришибиз керек. Бирок аларды Өзбекстанга өткөрүп бербешибиз керек.. Анда ошол адамдардын убалына калып калабыз.

XS
SM
MD
LG