Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:21

О.Безбородова сотто жеңди


БИШКЕК. 27-июнда Бишкектин Свердлов райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Ольга Безбородованын №11-Курулуш округдук шайлоо комиссиясына, Борбордук Шайлоо комиссиясына жана депутаттыкка талапкер Кабай Карабековго каршы берген доо арызын канааттандырды. Мындай маалымат 28-июнда Ольга Безбородовадан алынды. Ал арызында №11-Курулуш округдук комиссиясынын өзүн депутаттыкка талапкер деген каттоосун жокко чыгарган чечими туура эмес деп, аны алып таштоону соттон өтүнгөн. Андан тышкары округдук комиссиянын чечимин карап, так чечимге келбеген БШКнын аракетин мыйзамсыз деп көрсөткөн. Кабай Карабековдун жактоочулары райондук соттун чечимин жокко чыгаруу арызы менен Жогорку сотко кайрылганы жатат. Ал эми Жогорку сот Кабай Карабековдун БШКга каршы берген доо арызын 30-июнда карайт. Карабеков анда «БШК округдук комиссиянын Безбородованы депутаттык мандаттан ажыратуу жөнүндөгү чечимин көңүлгө албай койду» деп кинелеген.

XS
SM
MD
LG