Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:54

Йеменде Ислам конференциясы уюмунун тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтүүдө


Уюмдун маалымат катчысы, элчи Атта Маннан Бакхиттин "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна билдиргенине караганда, Иракка жардам көргөзүү, Ирандын өзөктүк энергияны өнүктүрүү укугун колдоо жана табигый кырсыктардан жапа чеккендерге жардам берүү жыйындын күн тартибиндеги башкы маселелерден:

- Бул жерде эки багыттагы программалар боюнча талкуулар жүрүп жатат. Бири Иракты кайра куруу, мусулман мамлекеттеринин ага кантип жардам берүүсү менен байланыштуу. Экинчиси алар коопсуздук чөйрөсүнө кантип катышып, Ирактын өкмөтүнө азыркы кырдаалды жеңүүдө кандай жардам көргөзө алары жөнүндө.

Жыйында ошондой эле уюмдун алкагында "ислам тилектештиги" деген түшүнүктүн астындагы реформалар тууралуу да сөз болмокчу.

XS
SM
MD
LG