Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:23

АЙДАР АКАЕВДИН КОЛТИЙБЕСТИК УКУГУ, НИКОЛАЙ ТАНАЕВДИН БИЗНЕСИ, ДАНИЯР ҮСӨНОВДУН КОМИССИЯСЫ


Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшүнө деп чет элден баш-аягы 3 миллиард ашуун доллар жардам алынган. Анын 2 миллиардга бираз жете бербегенин кайтарыш керек. Коомчулуктун көңүлү бурулган дагы бир маселе - экс-президенттин уулун депутаттык кол тийбестик укугунан ажыратуу.

Кыргызстандын өнүгүшүнө деп чет жерден баш-аягы 3 миллиард доллар жардам акча берилген. Анын кайрымжысы кайтарылып атат деп айтыш кыйын. Өлкө жакырчылыктан чыга албай келет. Парламент депутаттары адистер менен биргелешип агылып келген акча кайда жумшалганын, натыйжасы кандай болгонун иликтөөгө киришти, деп маалымдайт шаршембидеги «Дело №» гезити.

Ушул эле басылмада ички иштер кызматкерлери кыйладан бери издөө салып келаткан Рысбек Акматбаев Башкы прокуратурага өзү келгени тууралуу маалымат жарыяланган. Башкы мыйзамчы менен издөөдөгү кишинин ортосунда кандай кеп-сөз болгону белгисиз. Бирок да сүйлөшүүдөн соң Рысбек Акматбаевге тийиштүү кылмыш иштерин Башкы прокуратура өзүнө алып, андан үйүнөн чыкпоо жөнүндө тилкат алынып кое берилди, деп кабарлайт гезит.

Экс-президенттин уулунан депутаттык кол тийбестик укугун алып салуу жөнүндө Башкы прокуратуранын өтүнүчү Жогорку Кеңеште каралып жатканы тууралуу кабар шаршемби менен бейшемби күнкү гезиттердин баарында жазылды. Депутатты кол тийбестик укугунан ажыратыш үчүн парламент түзгөн комиссия ага каршы ачылган иш менен кылдат таанышып чыгуусу керек. Эгер аны жыйынга катышпагандыгы үчүн депутаттыгынан ажыратуу маселеси коюлса, аны чечиш деле оңой-олтоң эмес. А.Акаев кесиптештерин сотко берип, ал жерде ушунча күн ооруп жаттым деген справкасын көрсөтүшү да ыктымал деп жазат, шаршемби күнкү «Вечерний Бишкек» гезити.

Март айындагы төңкөрүштөн кийин бийликке келген кыргыз элитасы менчик бөлүштүрүүгө киришти деп жазат Азис Болот уулу «Вечерний Бишкек» гезитиндеги «Менчик бөлүүнүн кыргызча модели» деген макаласында.

Кыргызстандагы 6,5 миң чиновникти ташыган автомашиналарды кармоого жылына бюджеттен 654 миллион сом сарпталат. Бул саламаттык сактоо же билим берүү системасына бөлүнчү акчадан көп, деп маалымдайт «Дело №» гезити.

Саратан келип Ысыккөлдө эс алууну каалагандардын катары көбөйө баштаган чакта Казакстандын маалымдоо каражаттарында антиреклама күчөдү, деп жазат бейшембидеги «Заман Кыргызстан» гезити.

Ушул эле күнкү «Общественный рейтинг» гезитинде саясат таануучу Сыргак Абдылдаевдин «Бийликтин жайы эмес, ал жерде отургандар коркунучтуу» деген макаласы жарыяланды. Анда автор Кыргызстандагы соңку окуяларга токтолуп, ачык-тымызын саясий күрөштүн себеп-жөнүнө сереп салган.

Экинчи бир автор Мурат Сүйүнбаев Кыргызстандагы конституциялык реформанын жүрүшүн талдоого алган. Эсеби маселен, бешинчи ирет оңдоо киргизилип аткан Башмыйзамды кайра кабылдоону элдин сынына коюу же парламент талкуусунан өткөрүү, башкаруунун кандай жолун тандап алуу, бийлик бутактарынын ичара мамилесин жөндөө сындуу маселелер кызуу талкууга алынууда.

Мурдагы өкмөт башчы Николай Танаев өзү түзүп, ордуна уулун калтырып кеткен «Кыргызкурулуш» акционердик компаниясына мамлекеттик бюджеттин акчасын которткону шаршембидеги «МСН» гезитиндеги Геннадий Кузьминдин макаласында козголгон. Мурдагы курулуш министрлиги ээлеген имаратты тыйынга сатып алган Н.Танаев жок жерден миллиондогон пайда көрдү, деп жазат макала автору.

А.Акаевдин дүйнө-мүлкүн аныктоочу өкмөттүк комиссия ишинин жыйынтыгы кандай болгону тууралуу кеңири материалды шаршемби күнкү «Аргументы и факты в Кыргызстане» апталыгы да жарыялады. Маалымдама «Эсептеп чыгышса – адам ыйларлык» деп аталат.
XS
SM
MD
LG