Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:46

Каракечедеги талаш чечилди


НАРЫН. Облус губернаторунун милдетин аткаруучу Жыргалбек Азыловдун билдирүүсүнө караганда, Данияр Үсөнов баштаган өкмөттүк комиссиянын чечими менен “Беш сары” фирмасынын лицензиясы үч айга токтотулду. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы “Беш сарынын” техникаларын арендага алып, көмүр казуу үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Комиссиянын чечими менен “Беш сарынын” ордуна 51 пайыз пакет акцияга ээ болгон башка ишкана ачылат. Учурда ар бир көмүр кенинин акыбалы, буга чейин иштеген жеке фирмалар жол салууга, электр энергиясын тарууга жана башка иштерге кеткен чыгымдар эсептелүүдө. Азыловдун айтымында, мындай чечимге Нурлан Мотуев башында турган пикетчилер макул болду. Мамлекеттик комиссиянын курамында Нурлан Мотуев өзү да бар. Ал эми мамлекетик комиссия жумгалдык пикетчилердин бардык талаптарын аткарды, деп билдирди Жыргалбек Азылов.

XS
SM
MD
LG