Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:49

Президенттик шайлоого даярдыктар такууланды


ТАЛАС. Губернатордун биринчи орунбасары Байымбет Мураталиев тегерек үстөлгө катышып отурган өрөөндөгү өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн президенттик шайлоону адилет, калыс өткөрүүгө чакырды. Өз кезегинде өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү дагы деле административдик ресурстар пайдаланып жаткандыгын фактылар менен айтышты. Маселен, Манас районунда шайлоочулардын паспортторун чогултуп алышып, шайлоо өткөндөн кийин беребиз дешкен. Мындай кадамга талапкер Курманбек Бакиевдин кызыкчылыгын колдогондор гана барышы мүмкүн. Бул аракеттери менен алар биринчиден Бакиевдин беделине шек келтирип жатышат, экинчиден Шайлоо кодексин бузуп жатышат, дешти сөз сүйлөгөндөр. Көптөгөн мыйзам бузуулар шайлоочулардын тизмелерин түзүүдө орун алып жаткандыгы айтылды. Талас шаарындагы бир нече участкалардагы тизмелерде каза болгон жана көчүп кеткен адамдардын тизмеси жазылуу. Өкмөттүк эмес уюмдардын ичинен 42 активдүү жаран гана участкалык шайлоо комиссияларына мүчө болушкан. Бирок талапкерлердин саны булардан да көп эле.

XS
SM
MD
LG