АКШнын аскерий командачылыгынан билдиришкендей, америкалык аскерлер Ооганстандын Кунар вилоятында талибдердин объекттерине абадан сокку урушту. Ошол эле учурда америкалык аскерлер өткөн шейшембиде жоголуп кеткен ооганстандык жана америкалык аскерлердин тобун издөө иштерин улантып жатат. Командачылык жоголгон аскерлер өлгөн деген кабарды четке какты.