Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:59

ЖАКЫРЧЫЛЫККА КАРШЫ КЕҢИРИ АЛКАКТАГЫ КОНЦЕРТТЕР ӨТҮҮДӨ


Төрөкул Дооров, Прага Бүгүн дүйнөнүн төрт башка континентинде орун алган 10 ири шаарда кайрымдуулук максатында буга чейин болуп көрбөгөндөй деңгээлде эң ири концерттер өтүп жатат. Бул концерттер “Чоң сегиздиктин” келерки жумада Шотландияда өтө турган саммитине арналып, ага мүчө бай мамалекеттерди Африкадагы жакыр өлкөлөргө көңүл бурууга чакыруу ниетин көздөйт.

Кеңири алкактагы концерттерге 5 миллиарддан ашуун адам келет деп күтүлүүдө. Лондондо өтүүчү шоуга Пол Маккартни, “Ю2”, Мадонна жана Элтон Жон, ал эми Москвадагысында “Агата Кристи”, “Би-2” жана “Моралдык кодекс” деп аталган музыкалык топтор келип, ырдашат.

Бул иш-чараны уюштурган ирландиялык рок-музыкант Боб Гендолф Британиянын бийликтерине баш ооруу жаратты көрүнөт. Европадагы жана АКШдагы массивдүү концерттерден сырткары, Боб 1 миллиондой адамды келерки аптада өтүүчү саммитке да барууга үндөп жатат. Полиция жетекчилери коопсуздук жаатында машакаттар пайда болот деп кооптонушууда.

Чоң кайрымдуулук акцияларынын уюштуруучусу Роб Гелдоф 1 миллион элди дал ушул миссия, бир канча күндөн кийин Шотландияда өтүүчү “Чоң сегиздиктин” саммитине барууга чакырып жатат.

- 2-июль биздин 20 жылдык жүрүшүбүздүн соңкусу эмес. Бул биздин акыркы жүрүшүбүздүн башталышы гана. Концерттен кийин биз элди Единбургга барып, “Чоң сегиздиктин” лидерлерине биздин ойду айтуусун суранабыз. Адамдар кайсыл жолдор менен ал саммитке барышы мени кызыктырбайт. Алар кандай болсо да барышы керек, анан биз бул аймакта олуттуу кыймылдарды жасайбыз. Алар учактарда, темир жолдо, деңиз кемелеринде кыймылдап, түндүк Британияны кучагына алат.

Полициянын айтымында, 6-июлда өтө турган “Чоң сегиздиктин” саммити коопсуздук жаатынан алып караганда болуп көрбөгөндөй машакатты түзүүдө. Единбург өңдүү анча деле чоң эмес шаарга ашыкча 1 миллион элдин келиши башаламандыкты жаратат, экстремисттер да мезгилден пайдаланып калышы мүмкүн деген кооптонуу бар. Парламентте Гелдофтун идеясын “тентектик” деп баалашты. Ал эми ханыша Элизабетта шаардын адаттагы жылдык майрамына баруудан баш тартты.

Анткен менен Гелдофтун планын колдогондор да көп.

- Кааласаңыз, бизге дагы 1 миллион элди бериңиз. Бул мага жагат, анткени мен бул кыймылга кошулам. Менимче, бул болуп көрбөгөндөй чоң окуя биз баарыбыз биргебиз деген ойду билдирет. Демек, биз өзүбүздүн өкмөттөрдөн жакшылыкка алып келе турган чечимдерди кабыл алууну талап кылабыз, - дейт 33 жаштагы Единбургдук Треси Строун.
XS
SM
MD
LG