Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:28

К.Бакиев качкын кылмышкерлер Өзбекстанга кайтарылышы керек деп эсептейт


ТАЛАС. Таласта шайлоочулар менен жолугушуп жүргөн президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев өлкөнүн ички жана тышкы саясатына токтолуп, анын ичинде азыр коомчулуктун көңүлүн буруп аткан өзбекстандык качкындар маселесине кайрылды. Анын пикиринде, эгер бозгундардын арасында кылмышкерлер болсо алар өзбек бийлигине өткөрүлүшү керек:

- (Бозгундар) арасында киши өлтүргөндөр, террорчулукка тиешеси бар адамдар (болсо) (алар) Өзбекстанга кайтарылат. Кылмышкер түрмөдө отуруш керек. Ал эми калгандарын артка кайтара албайбыз. Кыргызстан эл аралык коомчулук алдында алган милдеттерин аткарышы керек.

Ал эми атуулдук коомдун өкүлдөрү бир да качкын өзбек бийлигине өткөрүлбөшү керек деп санашат. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын президенти Эдил Байсалов өзбек бийлиги кылмышкер деп санаган качкындарды да Кыргызстан өткөрүп бербеши керек дейт. Анын пикиринде, эл аралык нормаларга ылайык кылмышкер делген качкындар да үчүнчү өлкөгө өтүүгө укуктуу.

XS
SM
MD
LG