Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:49

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы байкоочуларды даярдоодо


ОШ. Бул жөнүндө “Азаттык” радиосуна билдирген аталган коомдук уюмдун жергиликтүү координатору Руслан Ташанов Ош шаарындагы жана облустагы 270 шайлоо участогундагы шайлоонун өтүшүн көзөмөлдөө үчүн 540 кыска мөөнөттөгү байкоочулар даярдалып жаткандыгын кабарлады. Ташановдун билдиргенине караганда, президенттик шайлоого чейинки өнөктүктөрдү жана андан кийинки абалды көзөмөлгө алуу жана маалымдамалар менен иштөө үчүн 25 узак мөөнөттөгү байкоочулар даярдалып, алар учурда тиешелүү аймактарда иш алып барышууда.

XS
SM
MD
LG