Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:45

Президенттикке талапкерлердин теледебаты башталды


БИШКЕК. БШКнын календарлык планына ылайык 4-июлда президенттикке талапкерлердин бири-бири менен теледебаты башталды. Талапкерлердин теледебаты Улуттук телерадио корпорациясы аркылуу коомчулукка түз көрсөтүлүп турат. Президенттикке талапкерлер Жыпар Жекшеев менен Токтайым Үмөталиева теледебатка 4-июлда чыгышат. 5-июлда Турсунбай Бакир уулу менен Кеңешбек Дүйшөбаев ал эми 6-июлда Курманбек Бакиев менен Акбараалы Айтикеевдин теледебаты өткөрүлөт. Теледебат кечки саат сегиз жарымда башталып, эки саатка улантылат. Талапкерлердин теледебаты БШКнын отурумунда чүчүкулак кармоо жолу менен аныкталган.

XS
SM
MD
LG