Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:17

КОСМОСТУ ИЗИЛДӨӨДӨГҮ ЖАҢЫ ЖЕТИШКЕНДИК


Нарын АЙЫП, Прага АКШнын эгемендүүлүк күнү, 4-июлда, Тепмел-1 деген кометаны америкалык ракета сокту жана окумуштуулар азыр анын жыйынтыктарын изилдөөдө. Жарылуунун таасиринен кометанын ичинде муз алдында сакталган заттар сыртка чыкты жана аны текшерүү менен Күн системасынын жаралышы жана өнүгүүсү тууралуу бир топ жаңы маалымат табылууга тийиш.

Окумуштуулардын айтымында, кометалар Күн системасы менен кошо пайда болгон жана алардын өзөгүндөгү заттар ошол кезден бери дээрлик өзгөрө элек, анткени сырты муздун калың катмары менен басылган. Күнгө жакындаганда, кометалардын сыртындагы муз эрип, башка калдыктар менен кошо бөлүнүп учуп кете баштагандыктан, көзгө көрүнгөн белгилүү куйрук пайда болот.

Ошондуктан кометалардын өзөгүндөгү заттар изилденсе, Күн системасы мындан төрт жарым миллиард жыл мурда пайда болгон кездеги жагдай тууралуу жаңы маалымат тапса болот. Андай изилдөөлөр үчүн немис астроному Вилгелм Темпел 1867-жылы ачкан жана анын атынан Темпел-1 деп аталган комета тандалды, анын узундугу 15, туурасы беш чакырымга жакын жана ал Күндү беш жарым жылда бир айланып тургандыктан, анда болгон өзгөрүүлөргө салыштырмалуу оңой байкоо салса болот.

Үстүбүздөгү жылдын 12-январында АКШдан ал кометаны көздөй "Дип импакт" деген космостук кеме учурулган, алты айдын ичинде ал 400 миллион чакырымдан ашык жолду басып өтүп, Темпел Бирге жетти жана кометаны көздөй жез менен алюминийден жасалган 370 килограммдык атайын ракета учурду. Ал ракета кометага 4-июлда эртең менен, Бишкек убактысы боюнча түштө тийди. Жарылуудан ракета өзү жок болду, кометанын бетинде болсо туурасы 150, тереңдиги 20 метирге жакын чуңкур пайда болду жана жарылуу менен сыртка кометанын ичинен көптөгөн зат чыкты.

Темпел Бирдин жанынан 500 чакырым алыстыкта кайып учуп бараткан "Дип импакт" анын баарын сүрөткө тартып жана бардык пайда болгон заттардын спектрин жазып алып, аларды Жерге жиберди. Кеме "Дип импакт" - "Терең кагылышуу" - деп бир кезде Голливудда тартылган фантастикалык кинонун атынан коюлган, ал Жерди көздөй учуп келе жаткан кометаны жок кылуу иштери жөнүндө баяндайт. Бүткүл долбоор үчүн америкалыктар 333 миллион доллар коротту.

Долбоорду ишке ашырган окумуштуулардын бири Дон Йеоманстын айтымында, эми кометалардын түзүлүшү тууралуу жаңы маалыматтар табылат:

- Бардыгы так жасалды. Кагылышуудан пайда болгон чуңкур биз күткөндөн алда канча чоң болду. Эми биз комета эмнеден турганы, анын ичинде газ толгон чуңкурлар бар же жок экени тууралуу малымат ала алабыз. Кагылышуунун алдында кометанын спектри жазылып алынган жана ал - жарылуудан кийинки спектр менен тыкан салыштырылат, ага болсо эми кометанын ичиндеги заттар да салым кошот, андай маалыматка жетүү мурда мүмкүн болгон эмес.

1999-жылы АКШдан "Вайлд-2" деген кометага да атайын кеме жиберилген. 2002-жылы дагы башка бир кометаны көздөй учурулган кеме дайынсыз жок болгон. 2004-жылы болсо Европалык космос агенттиги Чурюмов-Герасименко кометасын көздөй да кеме учурган, ал азыр жолдо.
XS
SM
MD
LG