Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Өмүрбек Текебаев: «Жогорку Кеңеш профессионал мамлекеттик орган катары өзүн көрсөтө алды»


БИШКЕК. Кыргызстандын жаңыдан шайланган парламенти үч айга жакын ишмердүүлүгүндө өзүнүн иштиктүү, профессионалдуу мамлекеттик орган экендигин көрсөтө алды. Парламенттин ишмердүүлүгүнө мындай баасын Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев 5-июлда өткөн маалымат жыйынында берди. Анын айтымында, апрель айынан июнь айына чейин парламент тарабынан баары болуп 50 жыйыны өткөрүлдү. Анда 117 мыйзам долбоору каралып, 99 мыйзам долбоору кабыл алынды. Мындан сырткары 448 токтом, ар кандай 20 эл аралык келишимдер ратификацияланды. Ошондой эле Өмүрбек Текебаев мурдагы Мыйзам чыгаруу жыйыны үч айдын ичинде болгону 39 жыйын өткөрүп, 28 мыйзам долбоорун кабыл алгандыгын эскерип, азыркы парламент мурдагы парламентке караганда жемиштүү иштеди деген оюн ортого салды.

XS
SM
MD
LG