Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:18

Бишкек-Торугарт жолунда чоң кырсык болду


БИШКЕК. 4-июлда Бишкек-Торугарт жолунун 101-чакырымында “Ауди” жана “Газель” автомашиналарынын кагылышынан 8 адам мерт болуп, 12си оор жаракат алды. Бул тууралуу 6-июлда «Азаттык» радиосуна өлкөнүн мамлекеттик автоинспекциясынан билдиришти. Мамлекеттик автоинспекциясынын кызматкерлеринин алдын ала иликтөөлөрү боюнча эки автомашина тең чоң ылдамдыкта келе жаткан. Божомолдуу маалыматтар боюнча “Ауди” машинеси саатына 140-150 чакырым ылдамдыкта, ал эми “Газель” 100 чакырымдан кем эмес ылдамдыкта жүргөн. Жол кырсыгынан жаракат алган адамдар учурда Кемин районунун ооруканасында. Кемин райойнунун ички иштер бөлүмү тарабынан бул факт боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

XS
SM
MD
LG