Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:33

Бишкекте диний мазмундагы баракчалар таратылууда


БИШКЕК. Бишкек шаарынын айрым кичи райондорунда “Мусулмандар үстүнөн капырлардын башчылык кылышына Алла эч качан ыраазы болбойт” деген аталыштагы диний өңүттө жазылган баракчалар таркатылган. Анда “Адамдар түзгөн Конституцияны колдоно турган киши капыр болуп саналат, аны шайлоо арам жана ага ыраазы болуу капырлык” деген мазмундагы сөздөр жазылган.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, учурда тиешелүү кызмат тарабынан баракчаларды тараткан адамдарды издөө иштери жүргүзүлүүдө. Мындай баракчаларды тараткан атуулдарга мыйзам чегинде катуу чара көрүлөт.

XS
SM
MD
LG