Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:16

Эл аралык Республикалык Институтут шайлоонун өтүшүнө баа берет


БИШКЕК. Эл аралык Республикалык Институтут 10-июлдагы шайлоодон кийин анын өтүшү боюнча маалымат жыйынын өткөрүп, байкоосунун жыйынтыгын жарыялайт. Ага Тайланд өлкөсүнүн мурунку тышкы иштер министри Сурин Питсуван, Британия парламентинин мурунку мүчөсү Майкл Тренд Республикалык Институттун өкүлдөрү Джуди Ван Рест жана Стивен Никс катышат. Бул тууралуу 8-июлда Республикалык Институттан кабарлашты. Байкоочулар Кыргызстандын шайлоо системасынын кемчилиги жана артыкчылыгы, үгүт кампаниясынын жана добуш берүүнүн жүрүшү, бюллетендерди саноо боюнча маалымат беришет.

XS
SM
MD
LG