Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:02

КУРМАНБЕК БАКИЕВ БОЛОЧОК ПРЕЗИДЕНТ ҮЧҮН ДОБУШ БЕРДИ


Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев 10-июль күнү саат 9да добуш берди. Андан соң ал журналисттер менен жолугушуп, бул шайлоонун айырмачылыктары, өзгөчөлүктөрү туралуу кеп салды.

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Бишкектеги декоративдүү багбанчылык ишканасынын имаратына жайгаштырылган №1157 шайлоо участкасында жубайы Татьяна менен келип добуш берди. Ага чейинки эки саатын ичинде тизмеге алынган 1700дөн ашуун шайлоочунун 200гө жакыны добуш беришип, добуш берүүгө келген шайлоочулардын көңүлүн улуттук кийим кийинген өнөрпоздор ыр-күү менен көтөрүүгө аракет кылып турушту.

Ал эми добуш бергенден кийин имарат алдына чогулган 100дөн ашуун журналисттерге келип, Курманбек Бакиев бул жолку шайлоонун мурдагы шайлоолордон түп-тамырынан бери айырмаланып тургандыгын билдирди:

-Бул жолку шайлоонун өзгөчөлүгү эгемендик алган акыркы жылдардын ичинде биринчи жолу чындап тандоо жолу менен өтүп жаткандыгында болууда. Башкача айтканда, ар бир атуулга өз ниети менен тандоо укугу берилди. Шайлоочу жарышка түшкөн талапкерлердин ичинен кимди президент болууга татыктуу деп тандаса, ошого добушун берип жатат. Аларга эч ким басым жасаган жери жок, эч ким эч кимди коркуткан жери жок.

Курманбек Бакиев күндүн аптабына карабай шайлоочулар шайлоого активдүү катышып, добуштарын берерине ишенгендигин билдирип, шайлоонун ачык жана калыс өтөөрүнө ишендирди:

-Шайлоо Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жана Шайлоо Кодексинин талаптарына ылайык чыны менен ачык, калыс өткөрүлөт.

Курманбек Бакиев бирок, ким үчүн добуш бергендигин жашыруун сыр деп ачыкка чыгарбай, контрреволюция болбойбу деген суроого «Жок,болбойт» деп жооп берди.

Андан соң мөөнөтүнөн мурда кезексиз шайлоону өткөрүүгө укуктук, материалдык,моралдык жана техникалык жардам көрсөткөн Европа Биримдигине, ЕККУга, АКШнын улуттук демократиялык институтуна, Шанхай кызматташтык уюмуна жана башка эл аралык уюмдарга ыраазылыгын билдирди.

Чынын айтканда, бул шайлоо участкасындагы шайлоочулардын активдүүлүгү башка участкалардагыларга салыштырмалуу жогорудай сезилди. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы Сагынбек Боромбаев болсо мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу бул жолу административдик басым болгон жок деп кубанды:

- Мен өзүмдү ушул участканын анык кожоюун катары сезип жатам. Мага эч ким басым жасаган жок. Эч кимге көз каранды эмесмин.

XS
SM
MD
LG