Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:25

СААТ ОН ТӨРТКӨ КАРАЙ ДОБУШ БЕРҮҮГӨ 40 ПАЙЫЗГА ЖАКЫН ШАЙЛООЧУ КАТЫШТЫ


БШК малыматына караганда, президенттик шайлоого жалпы республика боюнча саат 14кө чейин 38, 83 пайыз шайлоочу катышты.

Облустардан азырынча эң алдыда Баткен облусу келатат. Бул облуста 44 пайыздан ашуун шайлоочу добуш берүүгө келген. Ал эми Ош шаарында түшкө чейин эле 50 пайыздан ашуун шайлоочу добуш берген. Бишкекте бул көрсөткүч 36 пайызды камтыйт.

Exit-Poll же добуш берүүдөн кийинки сурамжылоо боюнча алгачкы үч сааттагы добуш берүүдө (7:00-10:00) талапкер Курманбек Бакиев алдыга чыккан. Маселен Бишкек шаарында суралгандардын 94, 36 пайызы Бакиев үчүн добуш бергенинин билдиришкен. Бул талапкер үчүн ушундай эле жогорку көрсөткүч Баткен, Ош облустарында байкалган.

Ал эми калган талапкерлерге келсек, Бишкек шаарында Акбараалы Айтикеев үчүн 1,34 пайыз, Турсунбай Бакир уулуна 1,48 пайыз, Кенешбек Дүйшөбаев үчүн 0,67 пайыз, Жыпар Жекшеевке 0,40 пайыз, Токтайым Үмөталиева 0,27 пайыз добуш берилгени айтылууда. Бишкекте 1,48 пайыз баарына каршы добуш берилген.

Exit-Poll сурамжылоосун «Сиар-Бишкек», «М-Вектор», «Маркетинг-сервис Бюро» деп аталган үч иликтөө уюму жүргүзүүдө.

Сүрөттө: Бишкек шаарындагы шайлоо участкаларынын бириндеги добуш берүү учурунан бир көрүнүш
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG