Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Түркиянын курорттук шаарчаларынын бириндеги жарылуудан 20 адам жаракат алды


Жарылуу Эгей деңизинин жээгиндеги Чечме деген шаарчада болгон. Бомба банктын жанында, таштанды салынуучу үкөккө салынган экен. Аталган шаарча аймагына кирген Измир провинциясынын губернатору Юсуф Аксу жарылуудан 20 адам жаракат алганын, аларды экөөсү чет элдиктер экенин ырастады. Жаракат алгандардын биринин абалы оор. Окуя үчүн азырынча эч ким жоопкер боло элек. Түркияда мурда мындай жардыруулардын артында исламчыл, ошондой эле күрд согушкерлер туруучу.

XS
SM
MD
LG