Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕР ШАЙЛООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫНА НААРАЗЫ


Президенттикке талапкерлигин койгон Токтайым Үмөталиева 10-июлдагы президенттик шайлоо таза, акыйкат өтпөгөндүгүн 12-июндагы маалымат жыйынында билдирди. Ал эми президенттик шайлоого дагы бир талапкер Жыпар Жекшеевдин пикиринде, шайлоодо административдик ресурстар колдонулуп, кошоматчылар тарабынан Шайлоо кодекси одоно бузулган.

Токтайым Үмөталиеванын пикиринде, 10-июлдагы президенттик шайлоо жалпы Кыргызстандыктар күткөндөй акыйкат, таза өткөн жок . Анын айтымында, көпчүлүк шайлоо участкаларында бир адам бир нече шайлоо бюлльетендерин үкөккө салган фактылар кездешкен.

- Мен ойлодум эле, ушул шайлоо ачык, айкын өтөт деп. Тилекке каршы андай болгон жок. Бизде фотоматериалдар бар.Үкөктөрдөн бюлльетендерди алмаштыргандар болду. Шайлоочулардын катышуусун көбөйтүп жазган фактылар кездешти. Шайлоо мыйзамын бузуу нормалары жүргүзүлдү. Айрым райондук шайлоо комиссиялары бюлльетендерди эсептеп протокол түзүүдө биздин өкүлдөрдү киргизбей койду. Кээ бир участкаларда көзөмөлдөөчү баракчаларды бербей койушту. Ал эми Ош облусунда беш алты шайоо участкасында бир шайлоочу бир нече бюлльетенди үкөккө салып жатканы тууралуу акт түзүлдү. Бирок аны эч бир далилдөөгө мүмкүндүк бербей коюшту. Биздин байкоочуларды шайлоо участкаларына киргизбей, кубалаган фактылар кездешти.

Токтайым Үмөталиева ошондой эле айрым мекеме жетекчилери Курманбек Бакиевге кошомат кылып, шайлоо участкаларында палоо басып, сый тамак уюштургандыгын билдирди. Мындай сыйкорлукту көрсөтүү менен алар Бакиевдин кадырына доо кетирген.

- Аш басканды айтсак, эми бул шайлоону аш шайлоосу деп атап койсок болот. Мындай сый тамак берүү көпчүлүк шайлоо участкаларында болду. Мисалы, Жукеев Пудовкиндеги шайлоо участкасында “Теплоэнергосет” мекемеси аш берди. Эмне үчүн ал мекеме аш бериши керек. Каяктан каражат тапты. Өзү карызга баткан мекеме болсо. Мындай сый тамак уюштурган мекемелер бир топ эле болду.

Президенттик шайлоого талапкерлигин койгон Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын лидери Жыпар Жекшеевдин пикиринде, азыркы айрым бир аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнөн Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдоого тикеден тике көрсөтмө болгон.

- Талас облусунда Генерал деген айыл бар. Талас шаарынын эле жанында. Ошол айылга Иманалиев деген депутат барып, шайлоо комиссиясына команда берген экен, бардык болльетендерди пачкалап туруп Курманбек Бакиевге салып салгыла, калган төртөөнө 25 тен эле болот деп. Мен ойлоп атам, мындай команда бир эле Таласта эмес баардык участкаларда болсо керек. Албетте Бакиевдин шайлоодо жеңиши реалдуу. Жеңет эле. Бирок Түркмөнбашы сыяктуу 89 пайыз деп элди алдабай эле чындап жүргүзгөндө 55-60 пайыз алмак. Ал эми Тоң районунун акими биздин байкоочуларды шайлоо участкаларына киргизбей коюптур. “Билгениңерди кылгыла,бизге Бакиевге иштегиле деген команда болгон,”- деп аким айтыптыр. Бул учурдагы жаңы бийликтин кадрларынын кылган мамилеси болсо, кийин кандай болот, айтыш кыйын.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев 10-июлдагы президенттик шайлоо мурдакы шайлоолорго караганда демократиялуу өткөндүгүн билдирди.

- Салыштырмалуу акыйкат, таза өтүшү жөнүндө гана сөз болушу мүмкүн. Биздин атуулдардын саясий сабатында, саясий салтында. Бизде жаңы салт пайда болмойунча терс көрүнүштөр кайталана берет. Бирок мурдакы шайлоорго караганда бул шайлоо демократиялуу өттү.

XS
SM
MD
LG