Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Каржы министрлиги айыл өкмөттөрүн кыскартууга кызыкдар


БИШКЕК. Айыл өкмөттөрүн бирктирүү жолу аркылуу эки эсе кыскартуу зарылдыгы бар. Мындай пикирин 14-июлда уюштурган маалымат жыйынында каржы министринин бюджеттик саясат боюнча башкармалыгынын башчысы Арзыбек Кожошев билдирди. Анын айтымында, айыл өкмөттөрүнүн көптүгү алардын жакырдануусун шарттоодо. Ошондуктан, каржы министрлиги айыл өкмөттөрүнүн өз алдынча бюджет түзүп, каржылык жактан чындалышын шарттайт. Бирок бул демилге, 2006-жылдын бюджетинде камтылбайт, аны көпчүлүк колдосо этап-этабы менен ишке ашыруу жөндүү. Учурда Кыргызстанда 472 айыл өкмөтү бар, аларда 6 миңден ашык мамлекеттик кызматчы иштейт.

XS
SM
MD
LG