Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

Нарында шайлоого байланыштуу тергөө иши башталды


НАРЫН. Нарын шаардык прокуратурасынан 19-июль күнү алынган маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын прокуратурасы тарабынан Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыктарына айрым округдарда өз учурунда тийиштүү текшерүү жүргүзбөгөндүгү үчүн иш козголгондугун шаардык прокуратуранын тергөөчүсү Базаркул уулу Мирлан маалымдады. Анын айтымында, Жогорку Кеңешке болгон шайлоолордогу кагаз жүзүндөгү кайрылуулар, жазылган акт жана түшүнүктөр өз учурунда борбордук, ошондой эле округдук комиссиялар тарабынан көмүскөдө калтырылган. Ушундан улам Башкы прокуратуранын тапшырмасы боюнча бул күндөрдө сурак протоколдор түзүлүп, кылмыш иши боюнча материалдар топтолууда. Базаркул уулу Мирландын айтымында, №30-округдан Нарын шаарынан жана Нарын районунун саналуу участкаларынан түшкөн даттануулар иликтенип бүткөндөн кийин алар Башкы прокуратурага жөнөтүлөт.

XS
SM
MD
LG