Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Парламентте гендердик өнүгүү боюнча президенттин өкүлү дайындалат


БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев парламентте гендердик маселе боюнча президенттин атайын өкүлү деген кызмат киргизди. Бул боюнча жарлык чыккан. Жакында ал кызматка кимди шайланаары билинет. Бул тууралуу 20-июлда “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында гендердик ишмердикти ишке ашырууга” байланыштуу тегерек үстөл жыйынында айтылды. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган бул жыйында үйбүлө, аялдар маселесине байланыштуу проблемалар талкууланып, гендердик өнүгүүнү колго алуу, аны өнүктүрүүдө ар кандай инвестор, гранттардын негизинде финансы булактарын табуу каралды. Буга байланыштуу Президенттик администрация алдындагы үй-бүлө жана гендердик өнүгүү боюнча Улуттук кеңеш, Бишкек мэриясы жана Бишкек шаардык кеңеши тарабынан келишим кабыл алуу макулдашылды. Аталган келишимге 5-августта кол коюлушу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG