Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:01

ЖОГОРКУ СОТКО НААРАЗЫ ШАЙЛООЧУЛАР ТАЛАБЫНАН КАЙТА ЭЛЕК


Азиза Турдуева, Бишкек Буга дейре үч айга чейин Жогорку соттун алдында нааразылык чарада турган шайлоочулар дагы деле Жогорку соттун төрагасынын жана судьяларынын кызматтан кетишин, шайлоонун жыйынтыктарынын кайрадан каралышын талап кылышууда. Бул тууралуу алар 21-июлда Бишкекте «АКИ-пресс» маалымат агенттигинде билдиришти.

Парламенттик шайлоонун 13-мартта өткөрүлгөн экинчи айлампасынын айрым округдарындагы жыйынтыктарына нааразы болгон шайлоочулар үч айга жакын мезгил ичи Жогорку соттун алдында нааразылык чарада турушту. Мындай нааразылыкка №6 Асанбай, №21 Токтогул, №59 Чүй, №27 Базаркоргон-Сузак, №28 Кызылтуу, №55 Бакай-Ата жана № 66 Аксуу шайлоо округдарынын шайлоочуларынын бир бөлүгү чыкты.

Алардын өкүлдөрү «АКИ-пресс» агенттиндеги маалымат жыйынында белгилешкендей, бул округдардагы шайлоонун жыйынтыктары боюнча чыгарылган чечимдер Жогорку сотто кайрадан каралууга тийиш. Анткени, алардын пикиринде, жогоруда аталган округдарда шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөрүлгөн. Жогоруда аталган шайлоо округдарынын шайлоочуларынын бир бөлүгү Жогорку соттун азыркы курамы менен кетишин талап кылышууда.

Бул жөнүндө №28 Кызылтуу округунан келген шайлоочу Манас Сартбаев мындай деди:

- Биз эмне үчүн 3 айга чукул мезгил ичи пикетте турдук? Биз өлкөбүздүн келечегин ойлодук. Сот системасында адилеттик орнотуу максаты менен турдук. Бизге өздөрү мыйзамдарды бузган соттордун кереги жок. Алардын баарын алмаштыруу керек. Биз Курманбек Осмонов баш болгон Жогорку соттун судьяларынын кызматынан кетишин талап кылабыз .

№59 Чүй шайлоо окуругунан талапкерлигин коюп, сот чечими менен шайлоого катышуудан алынган Туратбек Андашевдин ишенимдүү өкүлү Анаш Сейитказиевдин пикиринде бул окургда да шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөн:

- Биз билебиз, биздин окуругда шайлоо мыйзам бузуулар менен өттү. Айдар Керимкулов тарабынан административдик ресурстар пайдаланылды. Ошондуктан, шайлоонун жыйынтыктары бурманган.

Ал эми аталган округдан депутаттыкка шайланган Айдар Керимкулов болсо, шайлоо мыйзам чегинде өттү деп эсептейт:

- Чүй округунда шайлоо мыйзам чегинде өттү деп эсептейм. Азыр эми административдик ресурс менин кызыкчылыгымда иштеди деп айтып жатышат. Бирок иш жузүндө административдик ресурс Туратбек Андашевге иштеди. Бул тууралуу ошол шайлоо убагында деле, андан кийин деле айтып жүрүштү .

Жогорку сотто апрель-май айларында түзүлгөн кризистик абалдан чыгуу үчүн түзүлгөн эксперттик комиссиянын өкүл, президенттин алдындагы Адам укуктары боюнча комитетинин төрагасы Турсунбек Акун мындай пикирин билдирди:

- Жогорку сотто орун алган кризистик кырдаал – бул көп жылдар бою жүргүзүлгөн алардын тырнакчадагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы. Алар тарабынан канчалаган паралар алынды. Бул жөнүндө баары эле айтып жүрүшөт. Ири өлчөмдөгү паралар болгон. Анын ичинде парламенттик шайлоо учурунда да депутаттыкка өткөрүү үчүн 50 миң доллардан аз эмес өлчөмүндөгү паралар алынды деген сөздөр бар. Бул жөнүндө да айтылып жүрөт. Бирок айтылган нерселер чындык болуп да чыгып калат.

Ал эми Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов 21-июлда «Азаттыктын» кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып, судьялар пара алды деген сөздөр негизсиз экендиги жана жети шайлоо окуругу боюнча сот чечими кайрадан каралбай тургандыгы тууралуу билдирди:

- Эми тигил же бул адамдар кетсе эле, тармак оңолүп кетет дегенден мен алысмын. Ал эми соттор пара алат деген кептер негизсиз. Жети шайлоо округу боюнча сот адилет чечимдерин чыгарган. Эми кайрадан алар каралбайт.

Өлкөдөгү № 6, 21, 27, 28, 55, 59 жана 66- шайлоо округдарындагы шайлоочулардын бир бөлүгүнүн өтүнүчтөрү боюнча тузүлгөн эксперттик комиссия болсо, бул округдардагы шайлоонун жыйынтыктары боюнча сот чечими кайрадан каралышы мүмкүн деген тыянагын чыгарды. Бирок Жогорку соттун төрагасы бул комиссиянын түзүлүшү мыйзамсыз деген пикирин билдирди. Укук коргоочу Турсунбек Акун болсо, Жогорку сотко байланыштуу өлкө президенти саясий чечим кабыл алышы керек деген көз карашта.

XS
SM
MD
LG