Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:07

АКШ президенти Грузияга келгенде ага граната ыргытууга аракеттенген адам кармалды


Үстүбүздөгү жылдын 10-май күнү Грузияга АКШ президенти Жорж Буш келгенде, ага граната ыргытууга аракеттенген адамды полиция кечээ күнү кечинде кармады. Грузиянын ички иштер министринин басма сөз катчысы Гурам Донадзенин айтымында, кармоо учурунда ок атышуу чыгып, бир полициячы курман болду. 18-май күнү полиция ал адамдын сүрөтүн жарыялап, анын кайда экени тууралуу маалымат үчүн 80 миң доллар сыйлык берилет деп билдирген. Ыргытылган граната америкалык президентке 30 метр жетпей түшкөн, бирок жарылбай калган.

XS
SM
MD
LG