Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

АКШ Ооганстанда рекламалык жаңы кампания баштады


Жаңы башталган рекламалык кампания жергиликтүү калкты "ал-Каида" уюмунун башчыларын табууда жардам берүүгө чакыруу максатын көздөйт. Вашингтон Усама бин -Ладендин жана анын эң жакынкы жардамчысы Айман ал-Завахиринин жүргөн жерин көрсөткөндөргө 25 миллион, ал эми талибдердин лидери молдо Оморду кармоого жардам бергендер үчүн 10 миллион доллар убада кылууда. Мамлекеттик департаменттин билдиргенине караганда, алдыдагы үч айдын аралыгында теле жана радиодон оогандарга издөөдөгү адамдар Ооганстандын гана душмандары эмес, алар бүткүл дүйнө боюнча миңдеген бейкүнөө кишилердин өлүмү үчүн жоопкер экени дари, пуштун тилдеринде эскертилип турмакчы.

XS
SM
MD
LG