Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:37

Аба ырайы


БИШКЕК. 23-июлда Кыргызстандын аймагы боюнча ала булут каптап турат. Айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жеткен жел жүрөт. Ал эми Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Сарыөзөн Чүйдө түнкүсүн +16...+21, күндүз +27...+32 градус ысык.
Таласта түнкүсүн +12...+17, күндүз +26...+31 градус.
Баткен, Ош, Жалалабат облустарында түнкүсүн +18...+23, күндүз +31...+36 градус ысык болот.
Ал эми Ысыккөл аймагында түнкүсүн +12...+17 градус жылуу, күндүз +21...+26.
Тоолуу Нарын жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +24...+29 градус.
Бишкекте күн бүркөлүп ачылып турат. Жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +18...+20, күндүз +29...+31 градус ысык болот, деп билдиришет Кыргызстандын синоптиктери.

Кабарлар топтомун Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG