Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:59

БРИТАНИЯ ЖЕТЕКЧИЛИГИ ТЕРРОРЧУЛУККА КАРШЫ КҮРӨШҮҮНҮН ЖАҢЫ ЫКМАЛАРЫН ИЗДӨӨДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Улуу Британия жетекчилиги террорчулукка каршы күрөштү күчөтүү ыкмаларын издөөдө, чек аралардагы көзөмөл күчөтүлдү, премьер Тони Блэр өлкөнүн мусулман коомчулугунун жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүүдө, өкмөт болсо жаңы мыйзамдын долбоорун даярдап жатат.

Британиянын ички иштер министри Чарльз Кларктын айтымында, террорчулукка ачык чакыруу өлкөдө кылмыш болуп эсептелет, бирок ал тууралуу мыйзамды катуулантыш керек жана террорчулукту мактап же башка бир тымызын колдоо көрсөтүү үчүн дагы жаза аныкталса, өлкө мыйзамдарынан аттап өтүүнүн куулу жолдору жабылат:

- Террорчулук жасоого ачык чакыруу бизде кылмыш болуп эсептелинет, азыр болсо террор аракеттерин мактоо жана аларга тымызын колдоо көрсөтүүнү дагы кылмыш деп баалаш керек. Андан тышкары, террорчуларды машыктыруу жана андай машыгууга катышууну да кылмыш деп эсептеш керек. Биздин долбоор парламенттен өтсө, мыйзамдардан ар башка амал менен аттап өтүү жолдору жабылат.

Британия жетекчилигинин башын ооруткан дагы бир нерсе - Лондон шаарында террорчулукту колдогон бир топ белгилүү адам жашайт, бирок өкмөт аларды өз мекенине чыгарып жибере албайт, анткени Бириккен Улуттардын Адам укуктар боюнча конвенциясына ылайык, эгер кууп чыгарылып жаткан адам кайсы бир мамлекетте өлүм жазасына тартылышы мүмкүн болсо, аны ал өлкөгө жибербеш керек.

Лондондо азыр Йорданияда туулган Абу Катада деген адам жашайт жана ал 2002-жылдан бери үй камагында кармалууда, аны журналисттер ачык эле Усама бин Ладендин Европадагы элчиси деп атайт. Дагы бир лондондук тургун - Сауд Арабияда туулган шейх Омар Бакри Мохаммед - 2001-жылы АКШга каршы террор аракеттерин жасаган жигиттерди мактаган, бирок 7-июлда Лондондо болгон окуяларды ал сынга алды:

- Мен эл алдында ачык айтайын дегеним, жазыксыз адамдардын Лондондо өлтүрүлгөнүн мен жактырбайм. Ошол эле учурда Британия өкмөтүн дагы мен сынга алам жана Ирак менен Ооганстандагы аскерлерди чыгарып кетүү боюнча аракеттер көрүлүшүнө чакырам.

Ошондуктан премьер-министр Тони Блэр азыр Йордания менен Сауд Арабиянын жетекчилери менен сүйлөшүү өткөрүп, эгер Абу Катада же Омар Бакри сыяктуу адамдар Британиядан чыгарылса, алар өлүм жазасына тартылбашын кепилдеген келишим түзүүгө аракеттенүүдө. Аны менен катар Блэр Британиянын мусулман коомчулугунун жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүзүп, аларды жанкечти террорчуларга каршы коомдук пикир түзүүгө чакырдууда.

Анткен менен Лондондогу "ал-Ниса" деген исламдык уюмдун өкүлү Хумера Хандын пикиринде, андай динаятчылар менен карапайым мусулмандар ортосундагы байланыш дээрлик жокко эсе жана алар абалды баары бир өзгөртө албайт:

- Андай мусулман жетекчилери менен болгон жолугушуулардан бир нерсе чыгат деп мен күтпөйм. Блэр жолугуп, сүйлөшкөн адамдардын көпчүлүгү жаңы түзүлгөн системага кирбейт жана ал система кантип иштегенин алар түшүнбөйт. Алар коомдон да тышкары жашайт жана жаңы системанын механизмдерин түшүнбөйт. Ошондуктан алар эмне туура эмес болуп жатканын жана эмне кылуу керек экенин премьерге айта албайт.

Эксперттердин айтымында, Британ жана башка Батыш мамлекеттеринин жетекчилери Батышта жашаган мусулман жаштарын өз тарабына тартуу жолдорун издөөгө тийиш.

XS
SM
MD
LG