Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:02

Коомчулукта 24-марттагы элдик ыңкылапка түрткү болгон саясий жана экономикалык бир катар жагдайлар айтылып жүрөт. Ишембиде өткөн Кыргызстан Элдик Кыймылынын 5-курултайында мурунку бийликтин тушундагы оппозициянын алдыңкы сабында жүргөн саясий лидерлер ыңкылап кантип ишке ашканын, кандайча пландалып, кандай кыйынчылыктар болгонун ачыкка чыгарышты.

Аскар Акаевдин тушунда оппозициячыл күчтөрдүн алдыңкы катары болгон элдик кыймыл өз курултайында элдик ыңкылап кандайча ишке ашканын, аны ишке ашыруу кандайча пландалганын коомчулукка биринчи жолу ачык айтты. Ишембиде Элдик курултайдын жыйынында Башкы прокурор Азимбек Бекназаров аталган кыймылдын эмне үчүн 5-курултайы өтүп жатканына тарыхый баа берди:

- Али көпчүлүк билбеген тарыхый окуялардан айтып берсем. Эмне үчүн бүгүн бешинчи элдик курултай деп жатабыз? А биринчи, экинчи, үчүнчү, төртүнчү курултай качан болду эле деп көпчүлүк түшүнбөсү мүмкүн. Ошондуктан артка кичине кылчайып койсок мен ойлойм жаман болбойт деп. Биринчи элдик курултай бул азыркы жана элдик конгресстин демилгеси менен төрт партия биригип биздин тарых музейинде 2002-жылы 7-апрелде болгон. Ошондо биринчи жолу Акаевди бийлигинен кетсин деген чечим кабыл алынган. Чиновниктердин аттары аталган. Мына биринчи элдик курултай ушундай ишин бүткөрдү.

Ал эми элдик кыймылдын экинчи курултайы тууралуу буларга токтолду:

- Экинчи элдик курултай билесиздер, 2002-жылдын 17-18-июлунда Аксыда өткөн. Кыргызстандын бардык булуң-бурчтарынан жыйырма миңден ашык адамдар келген. Мына ошол экинчи элдик курултайга биринчи жолу карапайым эл, бизге окшогон саясатчыларга, саясий партиялардын лидерлерине тапшырма берген. Ал экинчи курултай Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйынындагы “Элтоптоо“ деген депутаттык топтун демилгеси менен уюштурулган. Андан кийин эмне кылабыз дегенбиз. Мына ошондо карапайым эл бизге бир маселени койгон. “Акаевге жана анын командасына күчүңөр жетпейт. Ал үчүн бириккиле, бардык оппозициялык күч биригип туруп, Жогорку Кеңешке бирдиктүү блок менен баргыла. Президенттикке талашып-тартышканыңарды койгула” деген элдин өтүнүчү болгон. Ага сегиз партия, ондогон бейөкмөт уюмдар, укук коргоочулар, саясатчылар катышкан.

Азимбек Бекназаров андан ары Элдик кыймылдын үчүнчү курултайы тууралуу буларды айтты:

- Үчүнчү элдик курултай 2002-жылы декабрь айында жарым жартылай жашыруун түрдө Бектур Асановдун үйүнүн короосунда болгон. Аксыдан бизди кууп, бизди өткөрбөй койгондон кийин биринчи этабы менен бүтүрүп, жайында кайрадан Аксыда экинчи бөлүгүн өткөрдүк. Мына ошондо биринчи жолу биригүү башталып, мага ушундай тапшырма берилген. Сен бардык саясатчылар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүз, бир чоң күчкө биригели деп. Мен ошондо Феликс Шаршенбаевичке чейин үч жолу кирдим. Мына Бектур Асанов отурат. Андан башка депутаттар менен да сүйлөштүм,биригели деп. Мен сүйлөшпөгөн бир дагы саясий күч калган жок .

Азимбек Бекназаровдун айтымында, ал саясатчылардын жана саясий партиялардын ортосунда биригүүгө ортомчулук кылып, Курманбек Бакиевге президенттик кызматты аткаруу сунушун койгонун, элдин жана саясий өнөктөштөрүнүн талабын аткарууга аракет кылганын маалымдады.

Бекназаров өткөн жылдын ноябрь айында өткөкөрүлгөн Элдик Кыймылдын төртүнчү отурумунда Акаевдин режимине мыйзамдын чегинде күрөшүү тууралуу сүйлөшүлүп, бийликке каршы саясий акциялардын кандайча уюштурулганына, Жалалабад, Ош шаарындагы жана Нарын облусунун Кочкор районундагы, Ысыккөлдүн Тоң районнудагы нааразылык акцияларынын, 24-марттагы ыңкылаптын чыгыш себептерине токтолду. Ыңкылаптын тарыхый маанисине баа берген Азимбек Бекназаров, аны уюштурган саясатчыларды, учурдагы бийлик жетекчилерин келечекте эл үчүн жоопкерчилик менен кызмат кылууга чакырды.

Ал эми элдик ыңкылапты уюштуруучулардын бири, президенттик администрациянын жетекчиси Үсөн Сыдыков, «Эгерде ыңкылап ишке ашпай калса, баарыбызга Курманбек Осмонов «передача» киргизмек», деген тамашасын ыргытты.
XS
SM
MD
LG