ЖАЛАЛАБАТ. Сузак райондук санитардык эпидемия станциясы менен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун медициналык бригадасы качкындар лагеринде өзбек бозгундарына жардамын көрсөтүшүүдө. Ичеги-карын, же сальмонилиоз, дизентерия ооруларын аныктоо үчүн бозгундардан кан алынып, артынан дизентериялык бактерияфак дарысы эки сыйра таркатылды. Бишкектен кайрымдуулук иретинде келген дары-дармектер жеткирилди. Бозгундардын ден-соолугуна күн сайын байкоо жасалууда. Азырынча райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жатышкан 8 бозгундан башкасынын ден-соолугу дурус. Мындай маалымат 25-июлда райондук ооруканадан алынды. Маалыматка караганда, лагерде 426 бозгун баш калкалоодо. Бозгундар лагери 21-июлда райондук санитардык эпидемия станциясы тарабынан он күнгө карантинге жабылган, бирок бозгундардын артынан дале Өзбекстандагы тууган-уруктары келишүүдө.