Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

Саясий партия эки базаны тең сактап турууга чакырат


БИШКЕК. ШКУга кирген мамлекеттердин Астана жыйынында америкалык аскердик базанын мөөнөтү жөнүндө маселе коюшу мыйзамсыз чечим жана аны “Эркиндик” партиясы Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү катары баалайт. Аталган партия мындай турумун Курманбек Бакиевге жолдогон кайрылуусунда билдирди. Кайрылууда Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыгын коргоп, дүйнөлүк негизги күчтөрдүн тең салмактуулугун сакташ үчүн Батыш өлкөлөрүнүн жана Орусиянын аскердик базаларын убактылуу сактап туруу зарыл деп айтылат. Шанхай кызматташтык уюму Астанадагы соңку жыйынында Борбор Азиядагы америкалык аскердик базалардын мөөнөтүн тактоо маселесин козгогон. ШКУнун бул декларациясынан кийин АКШ өкмөтүнүн ырасмий адамдары “АКШ базасынын турушуна Кыргызстан менен Өзбекстандын бийликтери каршы эмес” деген пикирин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG