Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:11

Алжир Иракта эки дипломатынын өмүрү кыйылганын ырастады


Бул тууралуу өлкө президенти Абделазиз Бутефликанын кеңсеси тараткан билдирүүдө айтылган. Мунун алдында "ал-Каиданын" Ирактагы бөлүмү Интернеттеги билдирүүсүндө алжирдик дипломаттардын өмүрүн алардын өкмөтү АКШны колдогону үчүн кыйганын маалымдаган эле.

Кечээ Багдадда Ирактын премьер-министри Ибрагим ал-Жафаари менен АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелддин жолугушуусунда Ирактан коалициялык аскерлерди чыгаруу маселеси да талкууланды.

Жафаари белгилегендей, ирактыктардын чоң каалосу -өлкөнүн өз коопсуздук күчтөрүнүн чыңдалуусу менен коалициялык аскерлердин саны азайышын көрүү. Ирактагы америкалык аскерий жетекчилердин бири, генерал Жорж Кейсинин айтымында, АКШ аскерлери келерки жылдын жазынан тарта чыгарыла башташы мүмкүн:

-Эгер Ирактагы саясий жараян позитивдүү нукта жүрсө, коопсуздук күчтөрүн уюштуруу азыркыдагыдай ыргакта улантылса, мениче, биз өзүбүздүн аскерий контингентти кыскартууну келерки жаз же жайдан тарта баштай алабыз.

АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд Багддагы сүйлөшүүлөрдө Ирактын лидерлерин өлкө Конституциясынын долбоорун мурда белгиленгендей, 15-августка карата даярдоого жетишүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG