Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

Роза Отунбаева Нарында


НАРЫН. Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева эки күндүк иш сапары менен 29-июлда Нарын облусуна келди. Аны Кыргызстандын Кытайдагы, Белоруссиядагы элчилери коштоп жүрөт. Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаеваны облус башчысы Жаргалбек Азылов кабыл алды. Эки күн ичинде Роза Отунбаева “Аида” фирмасы, кол өнөрчүлүк боюнча чакан ишканалар менен бир катар жеке ишканаларда болот. Нарын мамлекеттик университетинин илимий профессордук курамы, маданият, искусство тармагынын өкүлдөрү, нарындык ишкерлер жана шаардын коомчулугу менен жолугушат. 30-июлда сапары караган соң, Роза Отунбаевнын журналисттерге маалымат жыйынын өткөрөөрү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG