Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

ӨЗБЕКСТАН АКШдан ЖАРЫМ ЖЫЛ ИЧИНДЕ АСКЕРИЙ БАЗАСЫН ЧЫГАРЫП КЕТҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛУУДА


Төрөкул Дооров, Прага Америкалык ырасмий өкүлдөр Өзбекстандагы аскерий базаны чыгарып кетүү тууралуу билдирүү айтылганын тастыкташты. Ханабаттагы айтылуу К-2 деген аскерий база 2001-жылдын 11-сентябрындагы ири террор актысынан кийин жайгаштырылып, Ооганстандагы аскерий операциялар үчүн колдонулуп келген эле.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Ненси Бектин айтымында, жума күнү АКШнын Ташкенттеги элчилигине Өзбекстандагы америкалык аскерий базанын жайгаштырылышы жөнүндө дипломатиялык билдирүү түшкөн.

Бул дипломатиялык нотада АКШ менен Өзбекстан ортосунда аскерий база тууралуу келишимдин ишин токтотууга чакырык айтылган.

Жеймс О’Халлоран – Британиядагы “Коргоо аналитикалык изилдөө” борборунун жетекчиси жана жылдык изилдөө басылмасынын редактору. Анын айтымында, К-2 аскерий базасынын жабылышы америкалык аскерий күчтөргө Ооганстандагы абалга көз салып, операцияларды өткөрүп турушуна өтө катуу таасир этет.

- К-2 аба майданы негизинен, Кошмо Штаттарынын күчтөрүнө Ооганстанга оңой эле өтүп, керек болгондо өз аскер күчтөрүн көчүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк берет.

“Вашингтон пост” басылмасы жазгандай, келишимге ылайык, Өзбекстан Кошмо Штаттарына Ханабаттагы базасынын аскерлери менен техникалык жабдууларын жыйыштырып кетиши үчүн жарым жыл убакыт бериши керек. Бул боюнча азырга чейин Пентагон да, Мамлекеттик департамент да эч кандай кабар тарката элек.

Кошмо Штаттардын Коргоо департаментинин өкүлү Глен Флуд “АКШнын аскерий күчтөрү ушул тапта Мамдепартамент менен биргеликте өзбек бийликтери тарабынан түшкөн бул билдирүү АКШнын Борбор Азиядагы стратегиялык кызыкчылыктарына мааниси канчалык экенин изилдеп жатышат” деди. Ак үй болсо билдирүү жөнүндө комментарий берүүдөн баш тартты.

Флуд белгилегендей, Өзбекстандан америкалык базанын жыйыштырылышы Кошмо Штаттарга Ооганстанда иштөөгө, өзгөчө, гуманитардык жардамдарды ташууда, бир топ кыйынчылыктарды жаратат.

Ырасмий Вашингтон Кыргызстандагы жана Өзбекстандагы аскерий базалары Ооганстандагы операциялар үчүн өтө маанилүү экенин белгилеп келет. Бирок Борбор Азияда америкалык базалардын болушу Кытай менен Орусиянын тынчын ала баштады жана бул эки держава региондогу мамлекеттер менен биргеликте АКШга базаларды чыгарып кетүүнүн так мөнөтүн айтууну белгилешти.

Жеймс О’Халлорандын айтымында, ырасмий Ташкенттин билдирүүсү таң калууну деле жараткан жок.

XS
SM
MD
LG