Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

Чехиянын музыка сүйүүчүлөрү кубанган жок


Ишемби күнү Чехияда болгон “Чехтех” деген техномузыкалык фестивалда 80 адам жарат алды. Алар фестивалга келгендерди полиция күч менен кууган убакта жарат алышты. Алардын арасында полициянын 47 кызматкери жана фестивалдын 35 көрүүчүсү бар. Чатактын чыгышына фестивалдын уруксаат берилбеген жерде, бирөөнүн жеке менчик жеринде өткөргөндөрү себеп болду. Бирөөнүн жеке менчикке ээлик укугун бузду деген полиция аларды күч менен кууган. Фестивалдын катышуучулары эч жаман жосунга барбасак деле кууду деп полицияны айыптап, өкмөт менен полицияга каршы сотко арыз беребиз деп жатышат.

Дүйнөлүк таңкы кабарларды Прагадан Бүбүкан Досалиева даярдады

XS
SM
MD
LG