Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Иран өзөктүк программасын улантат


Иран уранды байытуу иштерин кайра жанданта тургандыгын жарыя кылды. Маалыматка караганда, буга Европа Биримдигинин Тегеран мурда койгон шартын аткарбай койгондугу себеп болду. Иран Европа Биримдигинен өзөктүк курал жасоо программасына байланыштуу пайда болгон талаш-тартыштан чыгуунун жолун ушул жекшембиге чейин тааныштыруу шартын койгон болчу. Улуу Британия ага Евробиримдиктин атынан жооп берип, Иранды бул кооптуу ниетинен кайтууга чакырып, туңгуюктан чыгуунун жолу менен бир жума ичинде тааныштырарын билдирген эле. Иран өзөктүк курал жасоо программасынан өткөн жылдын ноябрында убактылуу баш тартууга макул болгон. Ага Улуу Британия, Германия жана Франциянын өзөктүк программасынан баш тартса бир катар экономикалык көмөк көрсөтүү, анын ичинде техникалык жардам беребиз деген убадасы негиз берген.

XS
SM
MD
LG