Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

ЖОГОРКУ СОТ ТОПЧУБЕК ТУРГУНАЛИЕВДИ ТОЛУК АКТОО МАСЕЛЕСИН КАРАЙТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Соңку он беш жыл аралыгында ар кандай күнөө тагылып, түрмөгө камалган айрым саясатчылар март ыңкылабынан кийин кайрадан сот аркылуу акталууда. Адегенде көп жылга түрмөгө кесилген «Арнамыс» партия башчысы Феликс Кулов акталды. Эми өлкөнүн Жогорку соту белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиевди актоо маселесин 4-августта карай турган болду.

Кайра куруунун шарданы менен Топчубек Тургуналиев токсонунчу жылдары Кыргызстанда биринчилерден демократиялык партияны негиздөөчүлөрдүн бири болгон. Ошондой эле ал Кыргызстандагы компартиялык бийликти кетирүү талабы менен ачкачылык жарыялагандардын катарында болуп, Аскар Акаевдин бийликке келишине олуттуу рол ойногон. А түгүл Аскар Акаевге биринчи президент катары ак калпакты да Топчубек Тургуналиев кийгизген. Көп өтпөй Топчубек Тургуналиев алгачкылардан болуп кайрадан Аскар Акаевдин саясатын ачык сындап чыккан.

Бул тууралуу «Эркиндик» партиясынын саясий кеңешинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымов мындай дейт:

- Бул киши 1992-жылы эле Аскар Акаевдин бетине сиз мамлекетти башкара албай калдыңыз деп айткан. Аскар Акаев мындай сөздү уккандан кийин ордунан тура калып, отура калып “эртең өлкөдөгү бардык коомдук уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрүн чакырам. Эгерде алардын бардыгы мага каршы болушса, мен кызматтан кетем” деген. Түнү бою саясий партия башчылары менен жашыруун сүйлөшүп койгондуктан алар жыйынга келбей коюшкан. Ошондон баштап Тургуналиевге куугунтук башталган.

Соңку он беш жылдын аралыгында Топчубек Тургуналиев үч жолу түрмөгө отуп чыкты. Алгач 1995-жылы декабрда Аскар Акаев жетектеген мамлекеттик түзүлүштү кулатууга үндөгөн баракчаларды таратты деп айыпталып, Ысыккөл областында камакка алынып, түрмөгө камалган. Түрмөдөн 1996-жылы март айында чыгарылган. Көп өтпөй 1998-жылы Бишкек гуманитардык университетинде ректор болуп иштеп турганда он миң доллар акчаны өз кызыкчылыгына пайдаланган деген айып менен камалып, эки жыл түрмөдө отуруп чыккан.

Боштондукка чыккандан кийин деле Тургуналиев Аскар Акаевдин саясатын ачык сындаганын токтотпой, тескерисинче кызматтан кеткенден кийин Аскар Акаевди жоопко тартуу демилгесин көтөргөн:

- Ал импичмент аркылуу кызматтан кетиш керек. Кызматтан кеткенден кийин ал жети мамлекеттик кылмышы үчүн жоопко тартылышы керек.

Акыркы жолу Топчубек Тургуналиев Аскар Акаевге куралдуу кол салууну уюштурган деген айып менен түрмөгө отургузулган. Ынкылаптан кийин «Эркиндик» партиясы Топчубек Тургуналивди толук актоо талабы менен 20 миң адамдын колун топтоп Жогорку сотко тапшырды. Жогорку сот Тургуналиевди актоо маселесин 4-августта кайрай турган болду.

Сөз Топчубек Тургуналиевдин өмүрлүк жолдошу Сабиркүл Тургуналиевада:

- Толук акталса жакшы болот эле. Анткени эч кандай күнөөсү жок эле саясий себептер менен камалбадыбы.

Сабиркүл Тургуналиеванын жогорудагыдай сөзүнө «Асаба» партиясынын төрагасынын орун басары Дөөлөт Нусупов буларды кошумчалады:

- Аскар Акаевди ыңкылаптан кийин жамандоо күчөбөдүбү. Ал эми ал киши Акаевди токсон үчүнчү жылдан тарта ачык сындап, куугунтукка алынып, жалган жалаа менен соттолуп келген.

Топчубек Тургуналиев тууралуу мурдагы бийлик өкүлдөрүнөн пикир алуу аракетибизден эч кандай натыйжа чыккан жок.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG