Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:15

Аба ырайы


БИШКЕК. Метеорология борборунун маалыматы боюнча, 4-августта Кыргызстандын кээ бир жерлеринде күн күркүрөп, жаан жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +15...+20, күндүз +27...+32 градус ысык.
Талас облусунда түнкүсүн +12...+17, күндүз +24...+29 градус.
Ал эми республиканын Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн +18...+23, күндүз +30...+35 градус ысык болот.
Көл кылаасында түнкүсүн +11...+16, күндүз +21...+26 градус жылуу.
Нарын дубанында түнкүсүн +7...+12, күндүз +24...+29 градус.
Бишкек шаарында ала булут каптап турат. Кыска мөөнөттө жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +18...+20, күндүз +29...+31 градус.

Кабарларды Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG