Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:09

КЫРГЫЗСТАН АРАКЕЧТЕР ӨЛКӨСҮНӨ АЙЛАНЫП БАРАТАБЫ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Өкмөт үйүндө бейшембиде баңгилик жана аракечтикке каршы күрөш боюнча жыйын болду. Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурованын айтымында, Кыргызстан аракечтердин өлкөсүнө айланып баратат. Ал эми окуу жайларда жүргүзүлгөн сурамжылоо студенттердин 80 пайызы качандыр бир нашаа чегип же сайынып көргөнүн ырастаган.

Кыргыз өкмөтү аракечтик менен баңгиликке каршы саясий колдоо көрсөтүү ниетин билдирип жатат. Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурованын айтымында, 3 жылдан бери бул көйгөйлөргө мамлекеттик деңгээлде жетиштүү көңүл бурулбай келген. Ал өкмөт үйүнө бул эки коомдук илдетке тиешеси бар бардык органдарды чогултуп, «Кыргызстанда аракечтик менен баңгиликтин кесепеттерине каршы программаны саясий колдоого алуу» деген темада жыйын өткөрдү.

Ишенгүл Болжурова жыйында билдиргенге караганда, ырасмий маалымат боюнча республикада 8 миңге чукул баңги бар делген менен, иликтөөлөр алардын саны 100 минден ашык экенин көрсөткөн. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун мерчемдери боюнча бир жылда ар бир кишиге 5 литрден арак туура келиши керек. 2004-жылы Кыргызстанда баш-аягы 42 миллион литр арак чыгарылган. Эгер ушунча ичимдикти жана сырттан кирген аракты эсептегенде дүйнөлүк нормадан Кыргызстан бир кыйла ашып түшөөрү түшүнүктүү.

Ишенгүл Болжурованын айтымында, Кыргызстанда жаштар пивого берилип баратышат. «Кыргызстан аракечтердин өлкөсүнө айланып баратат» - деди, Ишенгүл Болжурова.

Ал эми баңгилик боюнча кырдаал андан да коркунучтуу. Вице-премьер-министрдин айтымында, студенттер арасындагы сурамжылоо өтө кайгылуу жыйынтыкты көрсөткөн:

- Студенттердин 80 пайызы качандыр бир өтө аз өлчөмдө болсо да нашаа чегип көрүшкөнүн айтышкан. Бул жаман белги, бул деген улуттук коопсуздукка, генофондго терс таасир бере турагн жаман көрүнүш.

Баңгилик боюнча эксперт Алдександр Зеличенко Борбор Азия боюнча Кыргызстан биринчилерден болуп, 1990-жылы баңгиликке каршы жаңыча күрөштү баштады дейт. Коңшу мамлекеттер ойлой да электе «ийнелерди алмаштыруу» долбоорлору башталган:

- 98-жылы ийнелерди алмаштыруу боюнча алгачкы программалар иштей баштады. Ишенесиздерби, ошол кезде биздин коңшулар шприц десе эле жүрөктөрү түшүп, аны айтууга да тыюу салынган табу катары кабыл алышчу. Бизде болсо Ошто, Бишкекте бул долбоорлор иштеп аткан.

Зеличенконун пикиринде, 1998-жылы нашаа чеккендиги же сайынгандыгы үчүн кылмыш иштердин жоюлушу менен баңгилер жертөлөөдөн жарык дүйнөгө чыгышты.

- Биз булар кадимкидей эле адамдар экендигин далилдедик. Аларга адамча мамиле жасасак, айланасына карамүртөз мамиле кылганды токтотуп, коомго коркунучтуу болбой калат. Анүчүн алар менен жөн гана иштешиш керек.

Жыйында баңгилик жаатындагы мыйзамдарды өзгөртүү зарылдыгы айтылды. Совет убагынан бери баңгилик үчүн түрмөгө отургузуу менен мамлекеттик планды толтуруп, ошону менен ачылган кылмыштардын санын чоңойтуп келишкен. Александр Зеличенко мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, 2-3 грамм маңзат үчүн түрмөгө отургузууну токтууга аракет кылмайын, баңгилерге каршы репрессиялык мамилени токтотмойун кырдаал оңолбойт дейт.
XS
SM
MD
LG